Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Айнура Сагынбаеванын айынан күйөөм менен урушчу болдум
Айнура Сагынбаеванын айынан күйөөм менен урушчу болдум
02-июль, 21:00
9 542 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Айнура Сагынбаева деген бир жашообузга бүлүк салган балээ болду. Күйөөм ошонун айткан сөздөрүн угуп, “сен эмнеге антпейсиң?” дей берип тажатты. Күнүгө уруш, түшүндүрө албай койдум. “Мен ал аялдай бай болсом көзүмдү беш жолу жасатып, клиникамдан каалаган фигурамды чыгарып, менден сулуу жок болмок” десем түшүнбөйт. “Күйөөгө мындай мамиле, тигиндей мамиле кылыш керек” деп сүйлөгөндү мен деле билем. Биздин жашоолорубуз бөлөк да. Эртеден кечке иштесек, кечинде чарчап келип оштоңдоп, кылыктанып сүйлөшмөк түгүл, бетиңди тыңыраак жууй албай уктайсың. Мени ушул бекерпоз коучтар тажатты.
Диля
"Азия Ньюс" гезити