Юруслан Тойчубеков эл аралык экспертке айланды
Убагында ВЛКСМ БКнын инструктору катары, кийин СССРдин вице-президенти, КПСС БКнын бөлүм башчысы болушкан Янаев, Пастухов сымал эл аралык көрүнүктүү инсандар менен иштешкен, Кыргызстан комсомолунун, Кыргызстан кинематографисттер союздарынын катчысы, кыргыз-швейцарь “Адил” банкынын президенти, парламенттин популярдуу депутаты, президенттикке талапкер, республикалык финансы рыногун көзөмөлдөө агенттигинин башкы директору иретинде элге жакшы таанымал, кийин эшек чуусуна кабылып, эл аралык лотерея чуусуна айыпталып, чет өлкөгө кеткен Юруслан Тойчубеков эл аралык ири каржы мекемелери менен кызматташып, Бириккен улуттар уюмунун (ООН) эксперттик даражасына жетишкени, Кыргызстанга миллиарддаган долларлык ири инвестицияларды тартууда ийгиликтүү аракеттенип аткандыгы маалым болду.
Юруслан Жуман уулу чуулуу эшек маселеси боюнча күнөөсү жоктугун, имаратты ижарага алышкан ишмерлердин жумушу болгонун, алар эшек эттерин кымбат баада чет өлкөлөргө сатышканын, Кыргызстанга таратылбаганын билдирип келет.