Акыркы кабарлар
» Саясат » Коомчулук Темирландын абактагы абалына тынчсызданууда
Коомчулук Темирландын абактагы абалына тынчсызданууда
12-декабрь, 23:35

Түрмөдө 29-күнү ачкачылык кармап жаткан Темирлан Суланбековго эл аралык абройлуу лидерлер, журналисттер, укук коргоочулар, эркин көз караштагы атуулдар, айтор, кайдыгер карабаган катмардын баары тынчсызданууда. Аны кубаттап, колдогондор арбыды. Ачкачылык кармоону токтотууну да суранып атышат. Бир катар саясатчылар, бейөкмөт уюмдары Темирлан Султанбековго арыз жазылбаганын, күнөөсү жок экенин айтышууда. Азыр элден эч нерсени жашыра албайсың. Чындык кай тарапта экени калкып чыгып калат. Андыктан, саясый тирешүүнү уланта берүү чекилик го? Бийлик гумандуулук кылып, кыргыздын белдүү уулун, жаш лидерди түрмөдөн чыгарып койсо, тоңгон музду эриткендей ишарат жасалмак. Адилеттүү башкаруу гана көпчүлүккө жагарын унутпайлы...
“Азия Ньюс” гезити