Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тимур САЛАМАТОВ, композитор: “Президент тарабынан жаңылыкты жылуу кабыл алдык”

Тимур САЛАМАТОВ, композитор: “Президент тарабынан жаңылыкты жылуу кабыл алдык”

06-январь, 19:20
1 980 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Тимур мырза, “жөжөнү күздө сана” дегендей, композитор, жаратман адам катары былтыркы, 2019-жылы кандай жаңылыктарга күбө болдуңуз?

-- Жыл аягында бир жылда жасалган иштерге бир көз чаптырып кетүү адатыбыз бар эмеспи. Кыргыз композиторлор союзунун быйылкы иш-аракетинде бир топ олуттуу окуялар болду. Залкар композиторлор Калый Молдобасанов менен Насыр  Давлесовдун 90 жылдыгы, композиторлор союзунун 80 жылдыгы белгиленип, ага арналган концерттер, жаңы ырлардын конкурсу өткөрүлдү. 

-- Конкурс дейсизби?

-- Ооба, мындай конкурс 10-15 жылдан бери өткөрүлө элек эле. Жакшы жышаан деп отурам. Андан сырткары, композиторлордун “Кербез” аттуу музыкалык журналы да чыга баштаганын байкап отурам. Ал журналдан окурмандар кыргыз профессионалдык музыкасында болуп жаткан жаңылыктардан кабар алып, музыка чыгармалары жөнүндө адистердин талкуулары чыгып турат эмеспи.

-- Композитор союзунун жыйыны болгонунан кабарыңыз барбы?

-- Кабарым бар, а тургай ага катыштым. Композиторлор союзунун төрагасын жана башкармалыгын кайра шайлоо жыйыны өтүп, төрагалыкка буга чейин төрагалык кылып келген композитор Турдубек Чокиев кайрадан шайланып, ал эми башкармалыктын курамына Түгөлбай Казаков, Бакыт Алишеров, Чынар Үмөталиева, Жамила Маматова, Мурзали Жээнбаев жана мен шайландым. Текшерүү комиссиясына Кенжегазы Асанбаев, Исрадин Аманбаев жана музыковед Мариям Көрпөбаевалар шайланышты.

-- Президен Сооронбай Жээнбеков Манас күнүндөгү жыйында чыгармачыл уюмдарга карата жакшы сөз айткан эле?..   

-- Президент “мындан ары чыгармачыл уюмдарга өзгөчө мамиле жасалып, камкордукка алынат. Быйыл биринчи жолу эгемендүү кыргыз тарыхында чыгармачыл союздарга гранттык колдоо болот” деп айтканы бизди абдан кубандырды. Мамлекеттик каржыдан куру калган композиторлор союзунда жаңы кирип келген 2020-жылга чыгармачылык жандануу болот деген үмүт бар.


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

 Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер