Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » ОшМУ огобетер артка кетти, коррупция көбөйдү, билимдин сапаты түштү

ОшМУ огобетер артка кетти, коррупция көбөйдү, билимдин сапаты түштү

14-сентябрь, 09:00
531 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ызы-чуусу бүтпөгөн ОшМУ интернетке дагы чыгып, коррупциянын бети ачылды. ОшМУ студенттердин саны жагынан Кыргызстанда эле эмес, Борбор Азияда биринчи орунда турганы менен билим берүүнүн сапаты жагынан арткы орунда калган. Мурдагы депутат Бактыбек Калмаматов ОшМУда диплом кандай сатыларын, экзамен, зачеттер кандай бүтөрүн саймедиреп Назира Айтбековага   айтып берген эмеспи. Сооронбай Жээнбеков тууганчылык протекция менен чоңойтуп, жакшы иштеп жаткан раматылык К.Исаковду министр кыла коюп, ректорлук орунду бошотуп, Кудайберди Кожобековду алып келген. Ошондон бери ОшМУ огобетер артка кетти, коррупция көбөйдү, билимдин сапаты түштү. Илимий чөйрөдө аты-жыты жок К.Кожобеков иштебей эле эптеп илимий даража алуунун камын көрүп, профессор Келдибай Алымкулов менен “соодалашып”, бир топ убактысын өткөрдү. Шайлоодо мыйзамсыз иштерди жасап, мурдагы министр Болот Купешов ортого түшүп, чок кармап (бекер кармамак беле?) өзү садага чабылып кете берди. Азыркы реформатор министр Алмазбек Бейшеналиевди “Пакистанга бирге барганда катуу сыйлаган” деп айтышат. МГУнун филиалын да жөндөп иштете албай, жүдөп жатыптыр. “Крышасы” канчалык күчтүү болгон күндө да ОшМУну артка тарткан, протекция менен чоңойгон, коррупционер ушундай ректорду кармап туруштун зарылдыгы барбы? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер