Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Медиктер көздөрүнө жаш алышып, иштен кетип жатышат

Медиктер көздөрүнө жаш алышып, иштен кетип жатышат

26-октябрь, 17:45
2 382 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Буга чейин өкмөт башчы Садыр Жапаров жыл соңуна чейинки жетишсиздик 30 миллиард сомдон ашык экенин билдирип, бюджет тешигин бүтөө зарылдыгын айткан.

Айлыктын аздыгынан улам медиктер жумушун таштап жатышат. Бул тууралуу ыкчам медицина борборунун реанимация бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисов Twitter тармагындагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, учурда 80 дарыгерге бош вакансия бар.

"Азыр иштеп жаткан медиктер дагы жумуштан кетүү жөнүндө көп айта башташты. Кептин баары маянада болуп жатат. Азыркы абалды баарыбыз көрүп, түшүнүп турабыз. Андыктан айлык көбөйөт дегенге эч ким ишенбей калды. Медиктер көздөрүнө жаш алып иштен кетип жатышат. Жумушун сүйөт, бирок жегенге тамак керек да", - деди Борисов.

Эске салсак, буга чейин өкмөт башчы Садыр Жапаров жыл соңуна чейинки жетишсиздик 30 миллиард сомдон ашык экенин билдирип, бюджет тешигин бүтөө зарылдыгын айткан. Ал эми тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россияга болгон сапарында жылдын аягына чейин бюджет дефицити 450 миллион долларга жетерин белгилеген.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер