Абдил Сегизбаев атаандаш саясатчыларды убагында “тазалап”, бирок ажолук тактыга жетпей калганда

Алмазбек Атамбаев бийликте турганда Абдил Сегизбаев УКМКны жетектеп, бир топ саясатчыларды камап, кыргыйдай тийип турган эле. Ошондо өзүнүн жолун да тазалап, өзгөчө Чүйдөн чыккан тыңчыкмаларды да куугунтуктап, камап, кызматтан алдырып, айтор, ыксыз кыянаттык жасаганы кийин айтылууда. Темир Сариев, Канатбек Исаев, Туйгунаалы Абдраимов ж.б. сарөзөндүктөрдү атаандаш катары көрүп, саясый оюндан четтетүүгө басым кылып, кастарын тикти беле? Ошентип, белдүү саясатчыларга бут тосуудан сырткары өсүп келаткан жаштарга да кыянаттык жасалганбы? Андагы УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев миң кырлуу амалы менен Алмазбек Атамбаевди пайдаланып, кийинки ажолук тактыдан өзүн көрүүгө жол чапса да, бирок тагдыр аны өгөйлөдү окшойт. Эл башкаруу тактысына жеткен жок. Саясат сымап сымал кылкылдап тургандай, оомат башка тарапка ооп, ортодон Соке бийликке келип, андан ары эмне болуп аласалып кеткенин чечмелебей эле коёлу...
"Азия Ньюс" гезити