Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каныбек Осмоналиев: “Мен сенсация күтүп, кан көксөгөн жокмун. Баары жазалансын!”

Каныбек Осмоналиев: “Мен сенсация күтүп, кан көксөгөн жокмун. Баары жазалансын!”

06-август, 21:53
2 204 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- “Курманбек Бакиев өлкөгө кириш үчүн Акаевдин келиши шарт эле” деген пикирлер айтылууда. Сиз бул боюнча кандай пикирдесиз?

-- Мен деги эле мекенинен тентип кеткен жарандарга өзгөчө кабатыр болуп келген адаммын. Тилекке каршы, жөнөкөй кыргыз жарандары массалык түрдө 30 жылдан бери башка өлкөлөрдөн жумуш таап, кайсалап өлбөстүн күнүн кечирип келди го? Эмне үчүн СССРден калган эбегейсиз сандагы завод-фабрикаларды, колхоз-совзоздорду талатып жиберип, итке минип отуруп калдык? Кен байлык, энергетика ресурстары кайда житип жок болду? Мындай талап-тоноочулукка ким күнөөлүү? Албетте, алгачкы президент Аскар Акаевдин күнөөсү бар. Анын ийгиликтүү иштерин дагы акыйкаттык үчүн эстеп коюшубуз керек. Бирок, системалык жаңылыштыктары, айрыкча коррупциялык кылыктары чектен ашканын баарыбыз билип бүтпөдүкпү! Натыйжада эл көтөрүлдү. Болгондо дагы үч жолу!

Акаевдин келгени жакшы болуптур. Бирок, эскертип коёюн, ал киши тергөө менен ак ниетинен кызматташуусу абзел. Эч кандай “кезектеги трюк” болушу мүмкүн эмес. Анан Курманбек Бакиев келсин, ал дагы ачык көрсөтмө берсин. Ошентип кезек Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө келет. Анан чоң териштирүүлөр башталат. Мен сенсация күтүп, кан көксөгөн жокмун. Баары жазалансын! Мен шору шорподой кайнаган кыргыз элин айтып жатам. Анын дагы убалы бар го, акыры! Тиги “дөө-шаалар” сурак беришип жайланышкандан кийин, албетте, кезек майда “чөөлөргө” жетет. Адилеттүү сот болсо гана элдин көкшүнү сууп, жаштарыбызга үлгү болот. Кыргызстандын келечегине даңгыр жол салынат. Кутурган коррупционерлердин чет мамлекеттерде качып жүргөндөрүнөн не пайда? Алар тиги жакта деле жыргап-куунап жүрө беришет! Ошондуктан эми абалды эл өзү көзөмөлдөшү шарт! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер