(Видео) Вирустун жайылышына жалгыз Чолпонбаев күнөөлүү, калганы сүттөн акпы?
Экс-саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 15-ноябрга чейин №1 тергөө абагына камалды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Космосбек Чолпонбаев “кызмат абалын кыянаттыкта пайдаланган жана шалаакылык кылган” таризинде айыпталууда. Аны 15-сентябрда экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы кармаган.
Эң кызыгы, коронавирустун жайылышына жалгыз гана саламаттыкты сактоо министри күнөөлөнүп, агездеги өкмөт башындагылар Мухамметкалый Абылгазиев, Кубатбек Боронов (штаб башчысы), Алтынай Өмүрбекова ж.б. жогорку чиновниктер суудан кургак чыгып кетишеби? Бул жерде коомчулукту алаксытуу, кош стандарттуу саясат жүрүп аткан жокпу? Күч органдарынын “оюну” эмеспи? “Пандемияда шалаакылык кетирген жалгыз Чолпонбаев” десе ким ишенет? Андыктан, эл мүдөөсүнө жараша жазалоо анык болсо, калыстык менен башка аткаминерлерди да камаш керек! Ошондо көпчүлүк ынанат!
Aryba.kg