Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Максат ажы Токтомушев ак калпак кийип алып, өзбекче даават айтканы кыжырдантты

Максат ажы Токтомушев ак калпак кийип алып, өзбекче даават айтканы кыжырдантты

25-август, 22:42
467 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Соцтармакта Максат ажы Токтомушевдин ак калпакчан өзбекче даават айтканы талкууга алынып, калың катмарды кыжырдантканын байкадык. Негизи тилге, дилге келгенде этият мамиле жасаш керек. Кайсы бир топтун кызыкчылыгын канааттандыруу үчүн упай топтоо, же атайылап билмексенге салуу менен догурунуп, улуттун намысына сөз тийгизүү осолдук. Кыргызстанда эне тилибиз аздектелип, биринчи орунда турушу абзел. Бул талашсыз чындык! Ал эми Максат ажы дааватын өзбек тилинде айтканы – өзүнүн абийиринде! Буга атайын органдар баа берүү менен тарбияга чакыруу керек. А болбосо дайыма эле коомчулуктун, улуттун сезимине ойной турган, кара так калтырган калпыстыкты, катачылыктарды көп кетирет. Эсибизде, “эки бир туугандын балдары үйлөнсө болот” деп да балээге калган. Санап отурсак, салтка, заманбап жашоо образына каршы келген ой-туюмдары толтура. Качан адам болобуз? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер