Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кайненемдин кайра-кайра дуба окутканы тажатты. Кандай айла кылам?

Кайненемдин кайра-кайра дуба окутканы тажатты. Кандай айла кылам?

20-август, 21:03
1 330 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Менин кайненем менен болгон мамилем оор. Ал кишинин сөзүнө көптөр туруштук бере алышпайтурушпаган кишиси жок, көптөр алыс эле качууга аракет кылышат. Өзү бир аз көзү ачык экенин айтып, дуба кылганын да жашырбайт. Мени да жаңы келин болуп келгенде эки ирет «ажырашсын» деп окутканын сезгем.

Күйөөм беш маал намаз окуган, таза адам. Балдарынын баары жакшы. Бирок кайненемдин ушундай иштери мени абдан чарчатты. Ай сайын ай толгондо ден соолугум начарлап калатденемкөзүм кычышып, кызарып, жүрөк айланып, баш тегеренип, ыйлагым келет. Дем салдырсам өтүп кетет, бирок кийинки айда кайра кайталанат. Дем салынган күнү кайненем өзү ооруп калып, ооруканага түшүп калганы да болгон.

Мындай көрүнүштөрдөн чарчап бүттүм. Намаз окуп баштагам, эртең менен жана кечинде. Шүгүр намазын калтырсам, ошол эле күнү кайра башталат баары. Ушунча аракет кылып жатам, бирок кайненем тараптан келчү мындай көрүнүштөр токтобой уланууда.

Кээде "мени жек көрөт го" деп ойлоп кетем. Чоң апа болуп, небере-чөбөрө көргөнү калды, бирок ушундай жол менен жашап жатканы жакпайт. Өзүмдүн да күнөөм бардыр, бирок мен тынчтык эле издейм. Жөн эле жыргал жашоону тилеп жатам, уруш-талашсыз, коркунучсуз. Ошол себептен ушул жерге жазып, жеңилдеп алгым келди. 


Айдана  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер