Акыркы кабарлар
» Саясат » Бакиевдин жардамчысы Эргешовдун Нарын облусуна губернатор болушун кандайча чечмелейбиз?
Бакиевдин жардамчысы Эргешовдун Нарын облусуна губернатор болушун кандайча чечмелейбиз?
08-июль, 17:46

2010-жылдагы төңкөрүштүн учкундары Нарын облусунан тутанган. Жазга чейин эле ызгаар кышта жергиликтүү эл митингдерге чыга башташканы эсибизде. Алып-жулмайга, зордукка, өлтүрүүгө, коррупцияга каршылык көрсөтүшүп. Анан 7-апрелде Бакиевдерди кууп чыгууга теңиртоолуктар эбегейсиз салым кошушкан. Албетте, кландык, кандуу, авторитардык бийликтин сынганы тарых катары кала берет. Учурда заман өзгөргөн, өткөн катачылыктарды кайталабоого тийишпиз. Бирок, тагдырдын тамашасына айланган бир көрүнүштү кандайча жорусак? Курманбек Бакиевдин жардамчысы, жакын адамдарынын бири Алтынбек Эргешов Нарын облусуна губернатор болуп дайындалганын чечмелей алабызбы? Кокустукпу, же?..
"Азия Ньюс" гезити











