Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмил Жамгырчиев, ЖК депутаты: “Күйүүчү майдын, азык-түлүктөрдүн баасы төмөндөй баштады”

Эмил Жамгырчиев, ЖК депутаты: “Күйүүчү майдын, азык-түлүктөрдүн баасы төмөндөй баштады”

31-март, 19:30
3 039 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Валюталардын туруксуздугунун өлкөбүзгө болгон таасири чоң. Жөнгө салууга кандай аракеттер бар?

-- Азыркы убакта дүйнө жүзүндө болуп жаткан валюта туруксуздугунун кесепеттери өлкөбүзгө тийип жатканын баарыбыз көрүп жатабыз. Эң чоң залакасы – ошол эле доллар менен, рубль менен иштеген жеке ишкерлерге жана биздин жеңил өнөр жай тармагында эмгектенген ишкерлерге тийүүдө. Себеби, жеңил өнөр жай тармагына эң негизги сатып алуучу катары Россия эсептелет. Ал жакта рубль түшүп кеткенине байланыштуу ыңгайсыз абал жаралып, бизден товар алууну кескин токтотууга аргасыз болушту. Бирок Кудайга шүгүр, рублдин баасы кайра көтөрүлүп келе жатат. Экономикабыздагы абал акырындап турукташууда. Белгилей кетсем, Жогорку Кеңештин, ошол эле кыргыз өкмөтүнүн кылган аракеттери, кабыл алган чечимдери өзүнүн пайдасын берүүдө. 

-- Акырындап валюталар жөнгө салынса, азыркы азык-түлүктүн кымбатташын тизгиндесе болобу?

-- Бааларды тизгиндесе болот. Антикризистик пландар кабыл алынып, дагы башка мыйзамдар, жоболор иштелүүдө. Өзүңүздөр баамдагандай, жалпы маалымат каражаттарында дагы ошол эле мамлкеттик антимонополиянын кызматкерлери базарларды кыдырып, дүң соода кылган жайларда баалардын өсүшүн, төмөндөшүн көзөмөлдөп, аларга мониторинг жүргүзүп, жеринде чечимдерди кабыл алышууда. Бул да өз жыйынтыгын берет деп ойлойм. 

Бүгүнкү шартта көз жүгүртсөк, күйүүчү майдын, азык-түлүктөрдүн баасы төмөндөө тенденциясына өз нугун бурду. Кумшекер, өсүмдүк майы да акырындап арзандай баштады. Күйүүчү майлардын баасы да төмөндөйт деген үмүттөр бар. Мындай көрүнүш Кыргызстанда эле эмес, жалпы дүйнө жүзүндө болуп жатат. Муну биз сабырдуулук, ар тараптан ченелген чечимдер менен жеңишибиз керек. Мындай кырдаалда бир эле баалардын түшүшүн күтпөй, маяналарды көтөрүү жагын дагы эске алуу – бул экономикалык туура чечимдер. Ошол эле азык-түлүк ташыган жеке ишкерлер кырдаалдан пайдаланып, ашыкча пайда табууну көздөп, бааларды манипуляция жолу менен өз билгендериндей көтөрүп жаткандары да биздин чоң көйгөйүбүз. Ошол жагын дагы жөнгө салыш керек да... 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер