Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Анара Дүйшөбаева: “Кеңешбек агамдын абакта жатканы баарыбыздын жаныбызды кейитип турат”

Анара Дүйшөбаева: “Кеңешбек агамдын абакта жатканы баарыбыздын жаныбызды кейитип турат”

14-ноябрь, 19:30
426 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Агаңыздын камалганына бир жыл болду. Эркиндикке чыгат деген үмүт барбы? 

-Албетте, бар. Атамдай камкор агамдын жалган жалаа менен камалганына бир жылдын жүзү болду. Анын камалышы биздин үй-бүлөнү чоң түйшүккө салса да, жүрөгүбүздүн түпкүрүндө абактан чыгат, адилеттүүлүк өкүм сүрөт деген ишеним бар. Агамды соттон көргөн сайын жарк деп үйгө кирип келгенин элестетип кыялданам. Буюрса, баары жакшы болот. Тарткан азаптарыбыз оомат менен кайтат. Агам аман-эсен үйгө келип, ага-туугандардын баарын кубантарын күтүп, Кудайга күнү-түнү жалынып, амандыгын тилеп отурабыз. 

-- Агаңыз кысымга, кыйноого туш болгон жокпу?

-Эмнегедир Кемпир-Абад иши менен кармалгандарга адилетсиз мамиле жасалып жатат. Биринчиси, жалган жалаа менен камаса, экинчиси, кышында суук, жайында ысык камераларга кармап, психологиялык басым кылып жатышат. Ошондой эле Кемпир-Абад иши боюнча камалган аялдарга да аёо сезим болгон жок. Таңгалганым, 70ке чыгып калган аялдарды да шарты оор камераларга камашты. 

-Агаңыз күч органдарында иштеди, генерал чининин ээси. Аны сындыруу аракети болгон жокпу? 

-Акылдуу, сабырдуу адам да, сынган жок. Бардык кыйынчылыкты, сыноону татыктуу көтөрүп жатат. Бизди аяп, эмнегедир кыйналганын, түйшөлгөнүн билгизбейт. “Кемпирабадчылар бир муштумдай түйүлүп турганы да бири-бирине кубат берип жаткансыйт. Агам менен жолуккан сайын анын эркинин күчтүүлүгүн көрүп, андан кубат алам. Сотто кыска убакытка жолуксак да, анын бир жылмайганы санаамды тындырып, сагынычымды таратат. “Баары жакшы болот. Өзүңөрдү карагыла” деген сөзү дем берет. Бирок, азаптуу жерде отурганын эстегенимде жанымды коёрго жер таппай кетем. Анткени, агамдын жакшы көргөн карындашымын. Ошон үчүн ашыкча түйшөлөм. Кеңешбек агам баарыбызга акылын айткан, керек болгон жерден колдоосун көрсөткөн, камкор адам. Таянар тообуздун жасалма кылмыш иш менен бир жылдан бери абакта жатканы гана жаныбызды кейитип турат. Асыл адамдардын, мекенин сүйгөн кыраандардын баары себепсиз камалышты. Эми Кудайдын көзү түз болсо, чыгып калар.

-- Айрымдар “кемпирабадчыларды” сыртынан соттоо аракети күч болуп жатканын айтышууда. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

-- Соттордун мыйзамды бузуп, аларсыз эле сот ишин карап жатышканы ушул ойго түртөт. Бирок, соттор да алардын ордуна өздөрүн коюп ойлонушу керек. Аларды жок жерден эле камап, сыртынан соттоп салышса, мезгили келгенде анын кесепетин сөзсүз тартышат. Анткени, адамдын убалы деген бар. Ошон үчүн күчкө салып соттоо, камоо дегенди токтотуп, реалдуу иш жүргүзүүлөрү керек. Болбосо, буларды камаган соттор өзү да бир күнү ошол камераларга жатып, булар тарткан азаптарды тартып калышы мүмкүн. Жашоо – бумеранг, кимге эмне кылсаң, өз башыңа келип калат. Баарыбыз Кудайдан коркуп, аша чаппашыбыз абзел. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер