Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Көкжал мүнөз Канатбек Исаев көч баштайбы?

Көкжал мүнөз Канатбек Исаев көч баштайбы?

04-апрель, 19:30
890 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурда оппозициянын чачкын экенин баарыбыз аңдап атабыз. Бир муштумга түйүлүүгө, ынтымакка келүүгө аракеттер көрүлө элек. Бирок, саясатчылар арасында сөз жүрүп, лидер катары кимди көтөрүү боюнча талкуу, сөз жүрүүдө. “Сарыбагыштан экөө катар жүрбөс, бирөө үзүлбөс” деп Калыгул олуя керээз кылып кеткендей, соңку убакта айрым билермандар күмпүңдөшүп, өзгөчө элиталык аксакалдар Канатбек Исаевди жолбашчы кылып тандоого батынып жатышыптыр. Каарманыбыздын билимине, тажрыйбасына жана саясатты мыкты талдай турган сапаттарына токтолушканын эшиттик. Көкжал мүнөз Канатбек Исаев убагында Алмазбек Атамбаев менен ачык чабышып, жалган жалаага кабылып, түрмөдө 10 ай татыктуу отуруп чыккан. Кыраакылыгы, кайраты менен көп мыктылардан өзгөчөлөнүп турат. Акыры түндүк-түштүк катмардагылар биригишип, Канатбек Исаевди лидер кылып чыгышары айтылууда. Саясый оюндар жакында башталганы калды окшойт... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер