Темирбек Бекбоев: “Министр Бейшеналиев сөздөн жаңылганы менен негизги багыты туура”

-- Темирбек байке, акыркы жылдары нерв ооруларына чалдыккандар өзгөчө жаштар арасында аябай өскөнү байкалат. Невропатолог катары сиз мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?
-- Азыр эми маалымат көбөйбөдүбү. Компьютер, уюлдук телефон деген бар. Маалымат керектүү же керексиз экенине карабай, угуп, көрүп отура беришет. Өзгөчө жогорку класстардын окуучулары, студенттер. Маалымат алган өзүнчө кумар сыяктуу болуп калат экен да. Иш менен эс алуунун режимин сактоо деген түшүнүк бар. Адам өз учурунда иштеп, сабак окуп, убагында эс алышы керек. Жаштар ошону сактабай жатышпайбы. Түнкү саат эки-үчтөн кийин уктайт, анан эртең менен жумушка, же окуусуна шашып кетет. Анан мээ чарчайт да, чынбы? Мээ чарчаганы невроз оорусун пайда кылат. Ал болсо өз кезегинде жандүйнөнү жабыркатат. Ошон үчүн түнкү уйку сөзсүз керек. Ал эң кеминде жети саат болушу зарыл.
-- Азыр медицина тармагында чоң өзгөрүүлөр жүрүүдө. Башкасын айтпаганда деле БНИЦТиОнун тегерегиндеги кайра куруулар бир топ ызы-чуулар менен коштолду. Учурунда мамлекеттик ооруканада иштеп, азыр жеке менчик борборду жетектеп жаткан врач катары сиздин буга көз карашыңыз кандай?
-- “Тез жардам” ооруканасы керек. Мен учурунда ошол ооруканада шашылыш жардам көрсөтүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштегем. Травмадан башка да оорулар бар. Инфаркт, инсульт деген диагноздор менен келишет. Ошолордун баарына бир жерден шашылыш жардам көрсөтүлүүгө тийиш. Мен азыр да өзүмдүн медициналык борборума “тез жардам” чакырып калам. Кечигип келишет. Анан алып барса, оорукана албайт. Ошон үчүн “Тез жардам” ооруканасы сөзсүз керек. Мен бул жагынан министрдин аракетин колдойм. Өкмөттөн да акча алып, ошол эле учурда элден да алган туура эмес да. Эл кыйналып калып атат. Министр Алымкадыр Бейшеналиев ошонун баарын тартипке келтирип жатат. Ырас, кээ бир жерде туура эмес сүйлөп койгон учурлары бар, бирок негизги багыты туура.
"Азия Ньюс" гезити