Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эндрю Вахтель: “Үй-бүлөдөгү жакшы шарт баланын билим алуусуна чоң таасир берет”

Эндрю Вахтель: “Үй-бүлөдөгү жакшы шарт баланын билим алуусуна чоң таасир берет”

01-ноябрь, 09:00
384 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Гезиттин №41 (470) санында АУЦАнын экс-ректору, Compass College директору Эндрю Вахтелдин интервьюсу берилген. Бул маек анын уландысы. 

-- Өткөн интервьюда сиз англис тилинин азыркы замандагы ролуна токтолгонсуз. Аны биздин калктын 1%ы да билбейт. Анткени, кыргызча-англисче окуу куралдары жокко эсе. Ушундай шартта анын кантип үйрөнүүгө болот?

-- Альтернатива барбы? 30 жылда пайда болбогон нерсени дагы канча күтөсүңөр? Дагы отуз жылбы? Же “кыргыз-орус тили эле болот” деп отура бересиңерби? Маселе жок, эне тилиңер кооз, бай, тарыхы тереңге кеткен. Бирок аны менен кантип дүйнөлүк алаканы түзөсүңөр? Кыргызстан эгемендүү өлкө, демек, ар түрдүү элдер, мамлекеттер менен алака жүргүзүүчү субъектсиңер. Ал кайсы тилде болот? Албетте, эл аралык тилде. Ал жакта орус тили колдонулбайт. Ал дүйнөлүк тил эмес. Ошондуктан, дүйнө элдери менен иш жүргүзүш үчүн англис тилин үйрөнүүдөн башка жолду көрбөй турам. Азыр постиндустриялык заман. Каалоо, өжөрлүк болсо, көп нерсени жасаса болот. Англис тилин үйрөнүү боюнча акысыз көп программалар бар. Мугалимдин деле кереги жок. Албетте, тилди квалификациясы жогору болгон мугалим менен үйрөнүү жыйынтыктуу, тилекке каршы, ага көпчүлүгүнүн чамасы чак. Бирок, силерде шыктуу, таланттуу балдар, жаштар көп. Кыскасы, эл аралык кооомчулукка теңата болом десеңер, шылтоо издегенди токтотуп, билек түрө ишке киришиңер керек. 

-- Кыргызда “чындап ыйласа сокур көздөн жаш чыгат” деген макал бар. Ошондой эле айттыңыз. “Күнөөлүүнү издесең күзгүнү кара” дегендей, бизде айыпты бирөөгө шылтай салуу тенденциясы күчөдү. Бирок, ошондой болсо да окуу куралдар боюнча оюуңузга кошулбайм. Кыргыз тилинин грамматикасы менен англис тилинин айырмасы ат чабым. Китепсиз кыйын. Ага далил төмөнкү мисал. Алсак, акыркы отуз жылда билим берүү тармагына триллиондогон сомдор коротулду. Ошонун бир бөлүгү англис тилин үйрөнүүгө кетти. Бул астрономиялык сумма. Бирок, жыйынтык жокко эсе. Анткени, биз сапат дегенди унутуп, санды эле ургулап жатабыз. Мамлекеттик каржынын бир бөлүгүн таланттуу, жөндөмдүү студенттерге жумшап, Скандинавия өлкөлөрүндөй бекер билим берип, бул ишке жогорку квалификациядагы педагогдорду тартып, АУЦАдай мыкты маяна белгилесе, жыйынтык алда канча эффективдүү, жемиштүү болмок, аларды кармап турууга күч жетмек деген пикир бар. Сиз кандай ойдосуз? 

-- Жогорудагы сумманын басымдуу бөлүгү мектептерге кетип жатат. Мамлекет орто билимди акысыз бериши керек. Бул аксиома. Айтып койчу нерсе, бул эбегейсиз сумманын канча бөлүгү натыйжа берип, канча бөлүгү кумга сиңген суудай болуп жатат – ал өзүнчө сөз. Эгер ЖОЖдор туурасында айтсак, айтылган пикирге толук кошулам. Кыргызстан үчүн идеалдуу вариант – мамлекет болгон күчүн, каражатын чачыранды кылбай, улуттук, техникалык, агрардык, Ош мамлекеттик университетине жана медакадемия өңдүү флагмандарга сарптаса, албетте, атаандаштыкка туруштук бере ала турган, жаратман мыкты кадрларды даярдаса болот. Кошулам, ага мамлекеттин каражаты жетет. 

-- Алгылыктуу ийгиликке жетиш үчүн биргелешип иштеген жакшы. Айтайын дегеним, билим берүү тармагында баардык күнөөнү мугалимдерге оодара салмай адат калыптанды. Анткени, алардын милдети, жоопкерчилиги мыйзамда так жазылган, ата-энелердики жок, алар сырттагы күйөрман катары. Бул маселе өнүккөн өлкөлөрдө кандай чечилген?

-- Мындай маселе көп өлкөлөрдө, анын ичинде АКШда да бар. Ырас, Батыш Европа бул маселе боюнча алдыда. Ал жерде балдар, жаштар үчүн мыкты программалар түзүлгөн. Бул эми каражат, кадр маселеси. Бирок, кандай болбосун, үй-бүлөдөгү жакшы шарт баланын билим алуусуна чоң таасир беришин унутпашыбыз керек. Албетте, мугалимге оодара салыш оңой. Бирок, калыс, жеке эмес, жалпы көрүнүштү айтайын. Шаар менен алыскы айылды салыштырууга болбойт. Айылда мугалимдер, ата-энелер канчалык бирге иш алып барбасын, алар шаардагыдай билим бере алышпайт. Анткени, шаарларда кружок, атайын курс өңдүү кошумча билим алуу, аны өркүндөтүү үчүн түзүлгөн жакшы шарттар бар. Айылдыктар андай нерседен алыс, ал өз кезегинде старттык абалдын тең эместигинен кабар берет. Бул эми глобалдык маселе, ал баардык өлкөлөрдүн көйгөйү. 


Шайлообек Назаралиев, Ош шаары  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер