Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Султанбай Айжигитов: “Кимдир бирөөлөр өкмөттүн акчасы менен бизнес жасашууда”

Султанбай Айжигитов: “Кимдир бирөөлөр өкмөттүн акчасы менен бизнес жасашууда”

17-июнь, 11:21
534 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Султанбай Абдрашитович, сизге Манас жана Ноокат районунун дыйкандары кайрылып, алар кредитке алган үрөндөн оору чыкканын айтышкан турбайбы?

-- Мен ал кишилерди тааныбайм деле. Ушул маселе менен шугулданганым үчүн эле мага жиберип жатышат. Бул өсүмдүктөр үчүн эң коркунучтуу илдет. Аны жоготуу кыйын, жерди 3-5 жыл дарылап, үрөндү алмаштырып туруш керек. Бул биздин дыйкандар үчүн артыкбаш чыгым. Андан тышкары, биздин азык-түлүк коопсуздугубузга түздөн-түз коркунуч туудурат. Атүгүл түшүм жыйналгандан кийин анын калдыгын мал жесе, оору кайра тарашы мүмкүн.

-- Анда үрөндү ар ким каалагандай ала бербей, бир борбор аркылуу тараш керек го?

-- Өзү ошондой болушу керек эле. Мага түшүнүксүз жагдай жаралды, кантип оорулуу үрөн бизге келип калды? Чын эле “супер элитабы”, же жашыруун жол менен келген башка эле үрөндү берип салышканбы? Таластык фермер айтып атпайбы, “мен дарыладым, андан кийин чыгып атканы ушул” деп. Ошон үчүн териштирүү керек. Ушул үрөндү канча киши алды? Канча жерге эгилди? Бул фермер арга издеп жөнөткөнү да. Дагы канчасы эмне кыларын билбей баштарын мыкчып отурушат? Ноокаттагы “супер элита” деген үрөн 15 сантиметр өсүп эле токтоп калган. Бул бир жагы. 

Экинчи жагы, дыйкандар үрөндүн килосун 50-57 сомдон алышат. Ошол эле учурда ушундай эле үрөн эркин рынокто 31-37 сомдон сатылууда. Эгер кредитти акча түрүндө бергенде дыйкандар 31 сомдон эле алышмак да. Дегеле товардык кредит берүү – бул банктын иши эмес. Кредитти товар менен берип, кайра алганда акча менен алууда. Бул да туура эмес. Кредит товар менен берилсе, товар менен кайтарылышы керек. Ошондо дыйкандарга күч келбейт. Мындайча айтканда, кимдир бирөөлөр өкмөттүн акчасынан бизнес жасап жатышат... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер