Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаев кашаң кадр. Уят кылды!

Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаев кашаң кадр. Уят кылды!

02-сентябрь, 11:54
1 810 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аз күн мурда кайгуул кызматкери айдоочу Чыңгызды айтыша кеткени үчүн атып салганы коомчулукта чоң талкуу жаратып, нааразычылыктар арбын айтылды. Милициянын беделин түшүргөн окуя катары сыпатталды. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” деген кепти эрксизден эстедик... 

Эмесе, кесепети кайдан чыкты? Саресеп салып көрөлү. Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаевдин иштей албай атканынан терс көрүнүштөр орун алууда. Бул “боорсок” өздүк курамга жакпаса, кол алдындагылар тоготушпаса, кабинетин минип алып эле отурса, алдын ала профилактикалык иштерди жасабаса, эл алдына чыга албаса, анан кайдагы ийгиликти күтөсүңөр? Убагында ОПГ мүчөлөрүнө “сүздүрүп” коюп, арыз жазып жүрсө, Сокулук РИИБден, ГУБОПтон иштей албай кетсе, милиция чөйрөсүндө кадыр-баркы какшып турса, анан ушул үлгү жаратабы? Учурда Азамат Ногойбаевдин артыкчылыктуу иши барбы? Кылмыштуулук менен күрөшүп атканын, коомдук-коопсуздукту кандай алкакта камсыздаганын билесиңерби? Белгисиз. Эптеп эле күн өтсө, чалкалап креслодо отурса, чөнтөгүн толтурса эле жыргайбы? Эртеңки суракчы? Таңгаласың. Борбор шаарыбыз Бишкектин башкы милициясы катары коомчулукка үлгү көрсөткөн иш-чараларды уюштура албаса, демилгеси, идеясы жок болсо, мындай жетекчинин эмне кереги бар? Кетпейби? Ансыз да жогорку жетекчилерине сөз тийгизип бүттү.

Баса, Азамат Ногойбаевди атасынын жолдоштору, генералдар колдоо таризинде бул кызматка койдурганы жалганбы? Жогору жакка суранып жатышып. Эрксизден таамай макал эске түшөт да: “Ата баркы менен кыз өтөт, соодагер баркы менен бөз өтөт” деген... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер