Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мелис Карыбеков: “Кыздарга жарабай калдым. Арак ичсем жиндимин эй!”

Мелис Карыбеков: “Кыздарга жарабай калдым. Арак ичсем жиндимин эй!”

10-декабрь, 22:06
4 527 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Белгилүү парапсихолог, астролог Мелис Карыбеков 9-декабрда 53 жашка толду. Телефон чалып, инимди куттуктап, андан ары маегибиз уланып кетти. Туулган күндү жаш кезде белгилеп, тойлоп, шапар тээп, кыздар менен шарактаган учуру болуптур. Азыр туулган күндү белгилебегенин айта отурду.

-- Мелис иним, туулгун күн кут болсун! Канчага чыгып ийдиң?

-- Рахмат байке, 53 жашка толук толуп, 54кө кетип атам. Энем 11 ай “көтөрүптүр”. А чынында октябрь айында эле көз жармак экенмин. Тогуз айымда энемдин толгоосу келбей койсо, доктурлар атайын тездетүүчү ийне саялы десе, чоң апам келинине (менин апама) уруксат бербей, доктурларды “өлүгүң көрөйүн, эмне дейт ботом?! Эч кандай ийне-сийнеси жок эле төрөсүн!” деп урушуп коюптур. Ал убак кемпирлер башкарган кез да. 

-- Эми 11 айлыктарды кыргызда “энеси төөнүн этин жесе керек” деп айтып калышчу. Андан сырткары, 11 ай энесинин курсагында жаткан бала да өзгөчө болсо керек?

-- Бир нерсени эстеп кеттим. Американын кайсы бир киносунда илимпоздор 11 айлык балдарды чогултуп эксперимент кылышат. Бирөөсүн уулуу газ камерасына камаса, эч нерседен кебелбей коёт. Дагы бирөөсүн сууга тумчуктуруп, ачка калтырып, тоңдурулган камерага киргизип ж.б. миң алакеттен өткөрүшүп, бирөө да “соо” эмес экенин аныктап, “бир башка адамдар” деп тыянак чыгарышкан. 

-- Сен деле “соо” эмессиң...

-- Энемдин курсагында жатканда жылдыздарды санап, аалам жыштыгы менен байланышып жүрө берип, кечигип калсам керек. 

-- Туулган күндү белгилейсиңби?

-- Негизи туулган күн майрам эмес экен. Туулган күн – магикалык ритуал болгон. Адамдын туулган күнүндө кайсы бир жылдыздар тогошот, учур чагы, келечеги жанданат, анан биз “түп” байлайбыз. Эгер ошол учурда аталарыбыз уктап калганда, биз да бул керемет дүйнөгө келмек эмеспиз деп ойлойм. Бул боюнча төрт сап ырым бар:

“Калмакмын мен арманда,

Келбей ушул жалганга.

Ошол күнү кашайып,

Атам уктап калганда...” деген. Мына ушул күнү жети атаңдын арбактары, сенден тарачу тукумдар да байланышка чыгат. Ал эми жашыраак кезде туулган күндү белгилеп, белек-бечкек алып, майрамдап, шараптан өкүртө ичип, түнү бою кыздар менен “дүңкө-дүңк, даңка-даңк”, эртеси керээли-кечке төшөктө соолуп уктачубуз. Элүү жаштан өткөндөн кийин булардын баары токтоду. Мурдагыдай кыздарга бара албай, арак ичсем жиндеп кетчү болдум эй!.. Кыргыз эч качан туулган күн белгилеген эмес экен. Туулган күндө Кудайды көбүрөөк эстеш керек. Сен. Аалам. Жеке өзүң... 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер