Эмил Узакбаев аксакалдарды пайдаланып, өзүнүн жеке кызыкчылыктарын чечип жатабы?

Өлкөдө Камчыбек Ташиев негизги күч болуп турганда, ага карата кол куушуруп, ийилип келип салам бергендер арбын. Мансап, бизнес кызыкчылыгы барлардын илгертен берки оорусу ушундай эмеспи. Жаш-карысы дебей кезекке турушуп, кошомат кылуунун түркүн чеберчиликтерин көрсөтүшөт. Сөзүбүз куру болбос үчүн учкай мисалдан келтирели.
“Азия Ньюс” гезити буга чейин Эмил Узакбаев башында турган аксакалдар ынтымагын жазганбыз. Алар Ташиевди коргоо, колдоо уюмун түзүп жатышканын билдирген элек. Булар өздөрүн акылман көрсөтүшүп, арттагы бекем тылдай образды берүүгө жанталашып келишет. Кызык, Камчыбек Кыдыршаевич колдоого муктажбы? Ууруларды кордоп, камап, “кустуруп” атса, эч кимден коркпосо... Тигилер жөн гана дүрбүп жатышкан жокпу? Ай ким билет? Бир билгендери бар го...
Аксакалдардын уюшмасы ай сайын же кырдаалга жараша чогулушуп, чай ичишип, өлкөдөгү саясый абалды талкуулашып, өз ара күжүлдөшөрү ырас. Дасторкондун чыгымын Эмил Узакбаев көтөрөт. Катарларында Тойгонбай Калматов, Досбол Нур уулу, Абдыганы Эркебаев, Осмонакун Ибраимов, Абдирейим Кулбаев, Сатыбалды Чырмашев, Надырбек Турганбаев ж.б. элүү чамасындагы экс-чиновниктер. Бир муштумга түйүлүү, өздөрүнчө күч катары биригүү менен салтка айланган “баалуулуктарын” сактап келатышабы?
Бирок, астейдилдер арасында да кээде интрига, келишпестиктер жаралып, өзгө-жатка бөлүнүүнү айткандар да бар. Маселен, бул уюм Исмаил Исаковду төрага катары шайлабай коюшканын, Мамбетжунус Абыловдон да чочулашканын жашырбайлы. Себеби, эки оппозиционер бийликке катуу сын айтып, күрөшчүлдүгүн көрсөтүп келишкен да. Көрсө, төбөлдөргө ачуу сын эмес, жан эргиткен жылуу сөздөрдү айткандар “аксакалдар” катары биригишет тура. А түпкүрүндө Эмил Узакбаев аларга чай берип алдап, “катарыбызда катталар бар” таризинде мактанып, Камчыбек Ташиевди коргобой эле өзүнө колдоо машакатын түзүп, жеке кызыкчылыктарын тымызын чечип жаткан жокпу? Баарын күтсө болот...