Он сегиз жашымда депутатка алданып, тагдырым талкаланды

Туңгуюктамын. Жол көрүнбөйт. Башымда бир гана суроо. Балким, атам менен катышпай койсом, кыз бойдон калмакмын? Жооп жок...
15 жашка чейин атамдын ким экенин билбей өстүм. Апаман сурасам, жарытарлык деле жооп бербечү. Экөө эмне болуп ажырашканынан деле кабарым жок. Ар ким ар нерсени айтат. Бирөөсү, “чоң атаңдар апаңды сабап коюшкан” десе, экинчиси “күнөө апаңда” дейт. Айтор, маалыматтар так эмес.
Сабактан келе жаткам. Үйгө жеткени калганда, алдыма жашыл машина келип токтоду. Ичинен апам теңдүү киши чыгып:
--Камиланын кызысыңбы? Жыпарасыңбы?, - деди.
Башымды ийкедим.
--Кызым, мен сенин атаңмын,-деп жаныма жакындады.
Чочуп кетип, артка кадамдадым.
--Коркпо, кызым,- деп кучактады.
Үйгө чейин жеткирип койду. Бул аралыкта кайда жүргөнүн айтып берди.
Үйгө кирерим менен апам:
--И-й, жолуктуңарбы?”,-деп сурады.
Эмне болгонун баарын айтып бердим.
--Ал сенин атаң, катышасыңбы же жокпу, өзүң билесиң. Бирок, атаңа айтып кой, менин көзүмө экинчи ирет көрүнбөсүн,-деп сыртка чыгып кетти.
Ошентип атам менен катыша баштадым.
Май айы. Колума аттестат аларыма аз калган. Кадимкидей эле күн болчу. Атам бул ирет жалгыз келген жок.
--Жыпара, кызым, таанышып ал, бул менин иним. Байкең депутат. Атайын сени менен таанышканы келди.
--Саламатсызбы!
--Кандай Жыпара? Окууларың жакшыбы? Кайда тапшырайын деп жатасың?
--Билбейм. Ойлоно элекмин.
--Кызым, байкең сени окууга өткөргөнгө жардам берет.
Аябай сүйүндүм. “Мен эми окууга өтө алам” деп, экзамендерге деле анчалык даярданган жокмун. Кыздарыма мактанганымчы. Көрсө, баары жалган экен...
Көп өтпөй ал байке баягы жолдон мени тосуп алды. Жалгыз экен.
--Окууң тууралуу сүйлөшөлү,- деп машинасына отургузду.
Андан кийин эмне болгонун эстегим келбейт... Үйгө кыздыгым жок кайтып келдим. Эч кимге үн катпадым.
Учурда 18темин. Үйгө жуучулар келип жатат. Кыздыгым жок кантип турмушка чыгам? Коркуп жатам. Айтыңызчы, эмне кылсам болот?
Билесиңби?