Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адил Турдукулов, саясатчы: “Алга Кылычев менен Темирлан Султанбеков саткын!”

Адил Турдукулов, саясатчы: “Алга Кылычев менен Темирлан Султанбеков саткын!”

29-май, 18:11
1 624 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Адил мырза, буга чейин КСДПда интрига курчуп, бири-бириңерди айыптоо, кайым айтышуу болуп келди эле. 26-майда саясый кеңеш өттү, ар түрдүү пикирлер жаралууда. Акыры өзүң да партиядан чыгып кетипсиң. Коомчулукка “ички кухня” бүдөмүк. Эмне болуп атат?

-- Партиядагы түшүнбөстүктөр кечээ эле башталган эмес, күздөн бери топ-топ болуп бөлүнүп калганына баарыбыз күбө болдук. Атамбаевдин балдары жана башка кишилер саясый кеңеш менен макулдашпай кайрылууларды жасашып, иш-чараларды өткөрүп келген. Акыркы жолу өзүнчө партия түзүп алганы табышмактуу, түшүнүксүз болду. Алардын өз алдынча чечим чыгарганын башка саясый кеңештин мүчөлөрүн сыйлабагандык катары бааладым. Муну ачык айтсам, мага карата да каршы сөздөр айтылып кетти.

-- Партиялаштардын жыйынында ачык айтсаң керек?..

-- Ооба. Жакында саясый кеңеш чогулуп, болгон дооматтарды айттым. Бирок, ынандыра ала турган жооп уга алган жокмун. Абакта жаткан жансакчы Канат Сагынбаев, Мээрбек Мискенбаев дагы кайрылуу жолдошуп, Атамбаевдин балдары жеңил-желпи пиар менен алектенип жатышканын билдиришкен. Мирбек Айтикеев партияга Атамбаевдин балдары үчүн барбаганын, партия мурас катары атадан балага өтпөй турганын шардана кылды. Мен да бул партиядан чыгууга мажбур болдум. Себеби, мындай карама-каршылык менен партияны алдыга сүрөп кетүү кыйын болот. Ошентип, азыркы убакта Рыскелди Момбеков, Кундуз Жолдубаева, Ирина Карамушкина саясый кеңештин мүчөсү, төраганын орун басары катары милдеттерин аткарууну токтотушту. Саясый кеңештеги мүчөлүгү токтотулган Рыскелди Момбеков, Кундуз Жолдубаева, Назгүл Мамытова партиянын мүчөсү бойдон калышты. Ал эми Ирина Карамушкина, Мээрбек Мискенбаев, Мирбек Айтикеев, Кундуз Ажыбекова жана мен саясый кеңештен да, партиядан да чыгып кеттик.

-- Атамбаев камалгандан кийин журтта калган партиялаштарын, колдоочуларын бөлүп-жаруу атайын кызматтын, асыресе, бийликтин кыялындагы план беле? Алар максатына жетиштиби?

-- Бийликтин даярдалган планы ишке ашты. Темирлан Султанбеков Кой-Таштагы чабуулдан кийин президент Жээнбеков менен жолукканын танбады. Камакта жаткан Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагынбаев өз колу менен жазган катында Темирлан Султанбеков бийликтин агенти экенин баса белгиледи. Ал бул маалыматты ишеничтүү булактардан алганын тастыктады. Атамбаевдин балдары Момбеков, Орозова, Артыков, Кодуранова сыяктуу тажрыйбалуу саясатчылардын сөздөрүн угушпай, жаш, ыйлаак баланын кебине кирип кетишкени таңгалдырууда. 

-- Асел Кодуранова менен Кундуз Жолдубаева бир позицияда болуп атышабы? Экөө сабырдуу болушуп, унчукпай калышты го, кандай сыр бар?

-- Саясый кеңеште партиянын айым лидерлери өз позицияларын ачык эле айтышты. Менин оюм менен шайкеш болду (!) дегендей. Аларга карата Алга Кылычевди “торпеда” кылышты, анын беттен алганы жинди кашайтты, анткени, ал Равшан Жээнбековду баштап, Кой-Таштын бүт катышуучуларына каршы көрсөтмө берип каматкан. Өзү ошол амал менен эркиндикте жүрөт. Дагы деле КСДПнын саясый кеңешинде. Алга Кылычев, Темирлан Султанбековго окшогон саткындарга ишенип кеткен Атамбаевдин балдарына кантип анан нааразы болбойсуң?..

-- Сеид, Кадыр Атамбаевдер айрым тарапташтары менен өзүнчө партия ачышканы белгилүү болду да. Алардын саясый келечегине кандай божомол кылсак болот?

-- Карамушкина, Атамбаевдин балдары биригип алышып, Асел Кодуранованы оор салмактуу саясатчы менен жолукканы үчүн күнөө коюшуп, чыккынчылыкка тете кылмыш көрүп жатышат. Мындай саясый тайкы ой менен булар өзүнө элди тартып, кеңири саясый коалиция түзүүгө мүмкүн эмес. Партияны диний сектага айлантпаш керек эле, анткени, мындай жол КСДПны жок кылууга шарт түзүлөт. 

-- Кой-Таш окуясы боюнча соттук процесс ачык болбосо да коомчулукка маалыматтар жетет го? Күч органдарынын жетекчилери боюнча жоопкерчилик болобу? Чындык карапайым элдеби, же аскерлер тараптабы? Кай тарабы зомбулук көрсөттү?

-- Биз дайыма эле бийликтин “сот процесстер ачык болот, адилеттүү чечим чыгарат” деген убадаларын угуп келе жатабыз. Бирок, ошол эле учурда Атамбаевдин же башка саясый соттук процесстер көптөгөн процессуалдык ченемдерди бузуу менен өтүп жатканын баарыбыз көрдүк. Соттук отурумдарда журналисттерди киргизбей, ачык болбой жатканы баарыбызга белгилүү. Соттордо камералар коюлган, бирок ал камералардан видео алууга мүмкүнчүлүк жок. Бул системада мурдагыдай эле коррупцияга малынган, мыйзамды бузганга шектелгендер иштеп жатышат. Эч кандай реформа жүргөн жок. Ошондуктан Кой-Таш окуясы боюнча айыпталган адамдарга адилеттүү чечимди күтүүгө болбойт. Соттук иш да ошон үчүн жабык өтөт. 

-- Атамбаевдин алдында Батукаевден баштап, Кой-Таш окуясына чейин бир топ кылмыш иштери турат. Аягы кандай бүтүшү мүмкүн? Өлкөдөгү саясый кырдаалга канчалык деңгээлде таасир этет?

-- Эми саясый соттук процесстер, дайыма саясый кайрылуулардын трибунасы болуп келген. Мында да ошондой болот, анткени Атамбаев эл, ММКлар менен байланышка өзгөчө көңүл бурууда. Буга соттор жабык өткөнү тоскоол болот, бирок биз башка жолдор менен анын сөзүн элге жеткирүү амалын табабыз.

-- Бул көрүнүшкө улай дагы мисалдарды келтирсек болот го?

-- Эгерде бийлик мурунку каталардан сабак алып, оппозицияны укуктук талаадан чыгарбай, экономикага басым жасап, коррупцияга каршы күрөштү бир гана саясый оппоненттерге жүргүзбөй, адилеттүү кадам жасашса, анда оппозиция дагы шайлоо аркылуу парламентке жетүүгө аракеттенет. Бийликтин планы менен эмес, өзүнчө саясат жүргүзгөн лидерлер – Алмазбек Атамбаевдин, Өмүрбек Текебаевдин, Садыр Жапаровдун, Өмүрбек Бабановдун, Мелис Мырзакматовдун партиялары шайлоого жигердүү аттанышса, анда элдин нааразычылыгы ошолор аркылуу чыгат. Эгерде тескери көрүнүш кайталанса, куугунтук жүргүзүлсө, абал тынчыбайт. 

-- Учурда көптөгөн коомдук ишмерлер, саясатчылар түрмөлөрдө отурушат. Алардын баары эле өздөрүнө коюлган айыптоолор менен макул эмес. Келечекте биз кимиси кылмышкер, кайсынысы саясый туткундар экенин кантип аныктайбыз? Азырынча аты-жөндөрүн атоо эртелик кылбайбы?..

-- Саясый туткунду аныктоо оңой. Эгерде саясатчы, журналист же жарандык активист бийликке каршы, оппозиячыл оюн билдирип, айтып, камалып, куугунтукталса, аны “саясый туткун” деп билиш керек. Мисалы, Садыр Жапаров накта саясый туткун! Анткени, ал мурунку бийликти абдан курч сөз, далилдер менен сындаганы үчүн куугунтукталып, сыртка чыгууга мажбур болуп, акырында камалды. Садыр Жапаров менен катар жакын туугандарын мурдагы бийлик ур-токмокко алганы маалым. Өткөндөгү митингде да күч менен тарапташтары таратылганы – саясый куугунтуктун белгиси. Оппозициялык күчтүү лидерлер Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев жалган көрсөтмөлөр менен камалганы да саясый талааны тазалоонун ыкмасы. Шайлоодо бийликчил партияларды гана өткөрүү аракети болуп жаткандыгынын белгиси.Каныбек Осмоналиев да саясый туткун. Муну менен бийлик башка саясатчыларга кооптуу белги жөнөтүп жатат. “Ким болуп кетсеңер дагы, эгерде бизге акаарат көрсөтүп, элди чогултсаңар, түрмөгө тыгып салабыз” деген ойду жеткирди. Бирок, баса айтып кетейин, эгер оппозиция легалдуу жол аркылуу бийлик менен күрөш ыкмаларын таба албаса, анда саясый күчтөр башка кооптуу амал аркылуу күрөшкө өтүшү толук мүмкүн. Муну жогорку бийлик кеч боло электе ойлонсо... Сот Текебаевди, Чотоновду толук бойдон акташы керек. Актагандан кийин Текебаевге карата мыйзамсыз кылмыш ишин козгогон Индира Жолдубаева, Абдил Сегизбаевден баштап УКМКнын, башкы прокуратуранын кызматкерлери жоопко тартылышы шарт. Текебаевди туура эмес камаган сотторго дагы чара көрүлүшү зарыл. Бирок, азыркыга чейин андай болбой, бийлик “Ата Мекендин” лидеринен чочуп, аны шайлоого жеткирбей жатканында. Бул чоң ката! Анткени, Текебаевге окшогон “карт бөрү” саясатчы парламенттин сыртында болгону бийликке кооптуурак.


Асланбек Сартбаев

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер