Урмат Самаевдин секирик жасашына Жамиля Исаева жардам бердиби?

Жалал-Абад облусунун губернаторунун орун басарлыгына Урмат Самаев дайындалды. Баарыбызга белгилүү болгондой, ал 2023-жылы коррупцияга айыпталып, камакка алынган. Аз күн мурда Жогорку соттон акталды. Эми кызматтык карьерасы кескин түрдө көтөрүлүп отурат. Мындай көрүнүш Кыргызстанда гана болот эмеспи. Коомчулукта ар кандай баш катыруулар жаралууда. Ириде “чүйлүк” деген фишка ойноп, анан ийгиликке жетүүдө вице-спикер Жамиля Исаева ортого түшүп, сүйлөшүп бергенби? Жогорку соттон акталышына, кызматка барышына жөлөп-таяп, жердешчилик кылдыбы? Айтор, ушул сыяктуу да ой-жорумдар каңгып кетти. Кандай десек да, Урмат Самаев топ балдарды уюштурууга шыктуу, көчөдөн саясат жүргүзүүнү билет эмеспи. Мындай кадрлар да бийлик үчүн керек болгондур...
"Азия Ньюс" гезити