Кышында көңүл чөккөндө эмне тамак жесе болот? Адистин кеңеши
Кышында көңүл чөгүп, маанай пас болгон учурда кайсы тамактарды жесе адам жандуурак болорун Америкалык психиатрлардын ассоциациясы санап берген. Бул туурасында Известия“Eat This, Not That!” басылмасына шилтеме берип маалымат таратты. Бул тууралуу “Спутник кж” жазып чыкты.
Кышында кээ бир адамдар маал-маалы менен боло турган аффективдик кыжаалат болуу (САР), башкача айтканда, жыл мезгили алмашкан учурдагы депрессиянын тибине кабылат. Ага D витаминдин жетишсиздиги, серотониндин азайып кетиши жана мелатонин деңгээлинин өзгөрүшү сындуу факторлор себеп болору айтылды.
Дарыгерлер бул нерсе аялдарга көбүрөөк тийешелүү көрүнүш экендигин айтат. "Анын белгилери адатта күзүндө же кыш айларында байкалат да, жаздын келиши менен жок болуп кетет" деп түшүндүрүп беришкен психиатрлар.
Бул жааттан алганда, январь менен февраль кыйыныраак айлардын тизмесинде экендигин белгилешкен. Адистер мындай абалдан арылуу үчүн психологго барып, жарык терапиясынын жардамына таянып жана туура тамактанууну кошумчалаган.
Диетолог Жулиана Тамайо эртең мененки тамактанууну дан өсүмдүктөрүнүн (азыктарынын) үлпүлдөгүнөн баштоону сунуштаган.
"Дан өсүмдүктөрүнүн көпчүлүгү клетчаткага, B12 витаминине жана фолий кислотасына бай келет. Бул үчөө депрессиянын симптомдору менен күрөшө алат" деген ал.
Диетолог клетчатканын ичегилердин микробиотиктерине жакшы жардам берип, иммунитетти көтөрөрүн кошумчалаган. B12 витамини адамдын психикалык жактан сергек болушуна жакшы жардамчы экендигин, анын тартыштыгы аз кандуулук менен кишинин көңүлү ачылбай, анын алсыз болушуна түртөрүн билдирген. Адис фолий кислотасы жаңы клеткалардын жаралышын шарттап, адамдын ден соолугунун чың жана жаш болуп жүрүшүнө көмөктөшөрүн да айткан.