Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Албетте, оппозиция менен иштешүү кыйын, бирок бул зарылчылык

Албетте, оппозиция менен иштешүү кыйын, бирок бул зарылчылык

06-декабрь, 17:46
1 060 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Шайлоолор өттү. Бул жолу абдан курч, катаал күрөш болду. Курч чабуулдар оппозициядан да, президенттен да болду. Бирок, баары эреженин алкагында. Эч ким камалган жок, эч кимге жасалма басым жасалган жок. Оппозицияга шарттуу бийликчил партиялар менен мурда болуп көрбөгөн тең мүмкүнчүлүктөр берилди. Натыйжада ЖКга оппозиция дагы, бийликчил дагы партиялар кирди.

Мыйзам бузууларга келсек, алар болду, оппозициядан да, бийликтен да кетти. Ошол эле учурда бийлик административдик ресурсту колдонбостон, оппозицияга кызмат көрсөттү. Ошол эле маалда оппозиция бийликтегилерди аяган жок, ага каршы ачуу сөздөрдү колдонду.

Биз бийликке таазим кылышыбыз керек: жооп катары алар полициянын куралдарын колдонсо болмок, бирок карманууну туура көрүштү. Саясый маданият деген түшүнүк бар, ага оппозициянын маданияты, бийлик маданияты да кирет. Менимче, тигилер да, башкалар да бул багытта алдыга кадам таштады. Оппозициячылар полиция менен күрөшпөй, коркутуусуз жана ультиматумсуз келишти. Жалпысынан алганда, алар өздөрүн абдан туура алып жүрүштү.

Азыркы шайлоонун бирден-бир кемчилиги: сервердин үзгүлтүккө учурашы.  Өкүнүчтүүсү: бир мандаттуу округдардагы депутаттардын санын эсепке алуу мүмкүн болбой калды. Бир мандатуулардын кандай программалары бар, белгисиз бойдон калууда.

Оппозициялык партиялардын парламентке келиши президент менен өкмөт үчүн пайдалуу. Бул – гимн, герб, желек сыяктуу демократиялык мамлекеттин милдеттүү атрибуту. Албетте, оппозиция менен иштешүү кыйыныраак, бирок бул зарылчылык.


Бакыт Бакетаев, саясый талдоочу 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер