Акыркы кабарлар
» Саясат » “Супер ТВнын” кабарчысы катуу сабалды. Азамат Ногойбаев козголуп койбойбу?
“Супер ТВнын” кабарчысы катуу сабалды. Азамат Ногойбаев козголуп койбойбу?
03-ноябрь, 12:04
694 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Аз күн мурда “Супер ТВнын” кабарчысын аёосуз сабашып, аз жерден өлтүрүп коё жаздашты. Мындай көрүнүш бандиттер байырлаган өлкөлөрдө гана орун алат. Эмне үчүн Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаев кылмышка шектүүлөрдү убагында кармата алган жок? Милиция издесе табат да, туурабы? Окуя Ленин РИИБнин аймагында катталган. Ансыз да активист, блогерлер камалып аткан чакта, экинчи тарабынан журналисттер сабала берсе, аягы жакшы бүтпөйт го? Азамат Ногойбаев иштей албаса, ИИМди уят кылбай пенсияга кете бербейби? Өзү деле кыймылы жайлап, шайы кетип калганы айтылууда. Кол астында иштегендер да тажагандай...
"Азия Ньюс" гезити