Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Головнойдон» жансыз денеси табылган Алижандын акыркы сөзү

«Головнойдон» жансыз денеси табылган Алижандын акыркы сөзү

03-май, 16:45
806 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баткен шаарынын 31 жаштагы тургуну Алижан Тагайбеков кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда «Головнойго» жардамга барган кезде каза тапкан. Ал лидер жаштардын бири болчу. Бул тууралуу айылдашы Бекболот Нажимидинов билдирди.

«Алижан инимдин досу болчу. Айылдагы лидер жаштардын бири эле. Активист, аябай ак көңүл бала болчу. Ошол күнү дагы айылдаштарды «кеттик» деп чакырып жаткан. Мен аны акыркы жолу «Головнойго» барганда көрүп калдым. Кийин каза болгонун уктум. Биз Ворухка кетүүчү жолду тоскону кеткенде ок атуу башталып, миномёттон чыккан снаряд жарылып, 18 адам каза болду деп уктум. Инибизди эртеси, 30-апрелде жерге беришти. Үй-бүлөдө бир туугандарынын экинчиси болчу. Артында аялы, эки уулу, бир туугандары, ата-энеси калды. Мүнөзү жумшак, оор басырыктуу, мекенчил инибиз эл-жерибиз үчүн жанын аябады.

Аллах өмүрүңдү ушунчалык берген экен иним, мекен үчүн жан аябадың. Жаткан жайың жаннаттан болсун. Сен үчүн ар дайым дуба кылып турабыз» деди Бекболот мырза. 

Алимжан Тагайбеков Россияда мигрант болуп иштеп, Кыргызстанга келип-кетип жүргөн. WhatsApp’тагы тайпаларга акыркы жолу «жүргүлө балдар, кеттик, мен чыгып жатам!» деп жазган.

“Турмуш кж”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер