Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Уят! Жумабеков мурдагы спикер Тагаев сыяктуу эле сабатсыз “куурчактын” образында

Уят! Жумабеков мурдагы спикер Тагаев сыяктуу эле сабатсыз “куурчактын” образында

11-декабрь, 15:17
594 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коомчулукта спикер Дастан Жумабековдун “Франкфурт жана Маяне” деп балп эткизгени кызуу талкууну жаратты. Германиядагы, Майндагы Франкфурт катары эле айтса болбойт беле? Эң жөнөкөй гана сөздөрдү бурмалап, билим деңгээлинин төмөндүгүн, ой-жүгүртүүсүнүн тайкылыгын көрсөтүп атканы ушулбу? Эске салсак, буга чейин да Дастан Жумабековдун кат сабаты жоюлбаганы, өкмөткө жөнөткөн бир барак кагазы “кызыл-жаян” ката экени, сүйлөгөн сөздөрүнүн кемтиги сынга алынып келген. Оңолбой койду. 

Анан калса, дагы бир ынанымсыз сүйлөгөнү көпчүлүктүн кыжырдануусун жаратты.

-- Бүгүнкү күндө ички иштер министри «кылмыштуулук катталган жок, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүп жатабыз» деп айтпадыбы. Мен ага кошулат элем. Эгерде болсо, ишкерлерди, инвесторлорду уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү барып, бизнесин тартып алса, салык салса же тоносо ошондо уюшкан кылмыштуулук катары айтмакпыз,-деп Жумабеков билдирди.

Көчөдөгү бекерпоз минтип сүйлөсө бир жөн, төрдө отурган спикер ушинтип тантырап атса, жакаңды кармайт экенсиң. Буга чейин бизнесмендерди уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү өлтүрүп атканы, акчаларын тартып алганы, чак түштө борбордогу банктын тонолгону, көчөдө атышып атышканы карандай факт болуп атса, бул асманда жүргөндөй сүйлөйт го? ИИМге ишенген мээ чөйчөгүндө мандем жокпу? Же бир туугандары Кашкар Жунушалиевдин кол астында иштесе эле көзү май басып калабы? Ушунчалык пастыкка, караңгылыкка кантип түштү? 

Айтор, Дастан Жумабековдун ар бир кадамы күйбөгөн жериңди күл кылып, эл астында шылдың болуп атса да креслосунда мыкырайып отурат. Акыл-эстүү башка адам болгондо, балким төрдү таштап кетет беле? Бул баягы “Акжолдун” спикери Айтибай Тагаевден да ашып түштү окшойт, ал кишинин сабаты начар болчу, бирок мынчалык мазакталган эмес да. Жалпысынан алганда, окшош “куурчактар” катары сыпаттасак болот. Бийлик үчүн Жумабековдун эмнеси аба-суудай керек болуп атты экен? Түшүнүү кыйын... Эл барган сайын чыңалып, нааразы болуп атат...


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер