Акыркы кабарлар
» Саясат » Элчи Идрис Кадыркулов УКМК төрагалыгына көзүн кызартканда
Элчи Идрис Кадыркулов УКМК төрагалыгына көзүн кызартканда
10-ноябрь, 11:21
559 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Украинадагы “эт же чел” эмес элчи болуп жүргөн Идрис Кадыркулов өз ишин жөндөй албай, амбициясы ашынып, УКМКга кайрадан төрага болуу ишаратын тымызын билдирип атканы каңкууланды. “Түндүкэлектр” тармагынан байыган агасы Искендер Кадыркулов “чүйлүктөрдү жайгарам” таризинде чуркап, президенттин администрациясына ат чаптырып атканы угулду. Ушундай болмок беле? Чүйлүктөр буларды эч качан укпайт, же калппы? Ал эми Идрис Кадыркулов УКМКга төрага болуп, иштей албай кеткен. Аны системадагылардын баары билишет. Ортодон чыга калышып, үйүр тобу менен интрига кылышып, эптеп эле Камчыбек Ташиевди “жыгууга” жандалбастай беришсе, аягы кандай аяктайт? Чок басып калышпайбы? Күтө туралы.
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити