Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурбек ТОТОНОВ, ЖК депутаты: “Айылдык кеңеш депутаттарынан жогорку билимди талап кылсак, коррупцияга жол ачабыз”

Нурбек ТОТОНОВ, ЖК депутаты: “Айылдык кеңеш депутаттарынан жогорку билимди талап кылсак, коррупцияга жол ачабыз”

22-ноябрь, 10:06
529 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кыргызстан Бажы биримдигине киргенине 5 жыл болду. Кандай пайда көрдүк?

-- Биримдиктин пайда-зыяны тууралуу сөз кылууга али эрте да. Мен депутат болуп келгенге чейин ишкерчилик кылчумун. Дайыма өз оюмду айтып келгем. Кыргызстан тогуз эшикти жаап, бир эшикти ачтык. 

-- Мааниси эмне?

-- Мааниси: бир топ мамлекеттер менен соода-сатык алакаларыбыз бар эле. Айрымдары менен мурунку бийликтин убагында мамилелер бузулду. Анан эң ири уюмдардын бири Евразия экономикалык биримдигине мүчө болдук. Беш жылдан бери мүчө болуп турган уюмдун “жемишин” тата баштаганы турабыз. Келаткан жылдан тарта унааларга бажы төлөмдөрү эбегейсиз өскөнү жатат. Элдин нааразылыгы күч. Бул боюнча өкмөттөр аралык отурумдар, же мамлекеттик деңгээлде маселе көтөрүлөт (!) деген ишенимдемин.  

-- “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жогорку билими болушу керек”, “кажети жок” дегенге кандай карайсыз?

-- Менимче, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан жогорку билим талап кылуунун зарылдыгы жок. Билими болсо жакшы, болбосо “анда ал депутат болбосун” дегенге кошулбайм. Анткени, себептери көп. Бир себеби, алыскы айылдарда бир айыл бир айыл өкмөттү түзгөн жерлер бар. Ошол жерлерде 11 депутат бар. Баарын жогорку билимдүү кылыш өтө оор. Ошондуктан, айыл жеринен, ошол эле малчылардын арасынан, дыйкандардын арасынан чыккан, айыл турмушун түшүнгөн адамдардын укугун тебелебешибиз керек. Эгер алардан жогорку билимди тастыктаган диплом талап кыла турган болсок, ал адам баары бир күнүгө сабакка барып окубайт. Кайра эле коррупцияга жол ачабыз. Анткени, ал сырттан окууга тапшырып, же сабактарын акча менен бүтүрүп, “диплом алыш керек” деген гана максат менен окуйт. Андан кандай адис чыгат? Ошонун бизге кереги барбы? Жок. Бизге айылдардын, айыл өкмөттүн ички шарттарын түшүнгөн адамдар гана жетиштүү.


Динар ТУРДУГУЛОВА

 "Азия Ньюс" гезити   

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер