Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шумкарбек Адилбек уулу: “Биздин экономикада дароо эле чоң секирик жасоого шарттар түзүлгөн эмес”

Шумкарбек Адилбек уулу: “Биздин экономикада дароо эле чоң секирик жасоого шарттар түзүлгөн эмес”

18-ноябрь, 19:30
400 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агентигинин мурдагы директору менен маек.

--Жыл аяктап келе жатат. Жыл аягы эл берген убадалардын аткарылышын талап кыла турган учур. Бирок бюджет таңкыстыгында жаралган көйгөйлөр эл үмүтүн өчүргөндөй...

--Чынында эле бюджеттин таңкыстыгы 35млрдды түздү. Мен цифранын такталышын күттүм эле. Өкмөт мүчөлөрү тастыктап беришти. Бул акыркы убактагы жогорку көрсөткүч.  Мунун себеби мурунку жылдары ушундай бюджеттин көлөмүн 400млрдга жеткиребиз андан да ашырабыз дегенде экономиканы түшүнгөн адистер чоң күмөн санап калышкан. Себеби дегенде бүгүнкү күндө экономиканын структурасы, абалы бир жылдын ичинде аябай чоң көлөмгө жеткирүү оңой эмес жумуш экенин турмуш өзү көрсөтүп койду. Башында 400млрддан ашырабыз дегенде  соцфонд   ж.б бюджеттер  биргелешкенде гана чогула турган сумма экени белгилүү болгон.

Биздин экономика дароо эле мындай секирик жасоого шарттар  түзүлгөн эмес. 

Ошентсе позитивдүү оң динамика бар. Ал чогултулуп жаткан салыктардын көлөмүнүн өсүшү ж.б. 

Биз айтып коебуз. Бюджет көлөмүн 400млрдга жеткиребиз дегенде популисттик чакырык деп көп экономисттер ошондо эле белгилеген. 

Айлык 2-3%эсе көбөйдү. Алар барып каражатын коротот. Ошонун негизинде да салык чогулуу көтөрүлүшү мүмкүн. Биздин экономика дагы деле импортко көз каранды. Импортко көз каранды экенин практика далилдеп койду. Бажы тармагы импорттон келген көлөмдөрдү планга жеткире аткара алган жок. Себеби дегенде көптөн берки товарларды маркерлөө, санариптештирүү дагы деле толук кандуу ишке кире элек. Бизге импорттолуп келип жаткан товарлар контрабандалык жол менен келип бажы төлөмдорүн дагы толук кандуу ала албай жатабыз. Дүйнөдө болуп жаткан окуяларга байланыштуу да чоң мүмкүнчүлүктөр бар эле. Ушул тармактагы башаламан жагдайларга байланыштуу муну дагы колдоно алган жокпуз.

Бюджеттин көлөму боюнча элди манупиляциялоо же элге популисттик маанайдагы маалыматтарды таратуу да чоң залакасын тийгизет. 


Жамиля Нурманбетова 

“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер