Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурмат Балтабаев: “Электрдин эки саатка өчүрүлүшү откананын ишин кыйындатып атат”

Нурмат Балтабаев: “Электрдин эки саатка өчүрүлүшү откананын ишин кыйындатып атат”

24-январь, 09:00
505 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын башкы инженери менен маек.

-- Нурмат иним, суук күчүндө, силерге тийешелүү аймактарда отказандар жарылып кетпей, жылуулуктан ажырап калбай, баары ордундабы?

-- Маалым болгондой, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат жана жылуулук энергиясы менен негизинен Бишкек шаарынын батыш жана түштүк-батыш аймактарын камсыздайт. Белгилей кетсек Жал кичирайону, Жилгородок, Ботсад, Газгородок, Киркомстром сыяктуу райондор, 4-шаардык оорукана, Пишпек аймагы жана батыш, түштүк-батыш аймактарында жайгашкан мектептер, бала бакчалар жана башка ишкана мекемелер тейленет.

«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын негизги милдети – жылуулук энергиясын өндүрүү жана аны керектөөчүлөргө жеткирүү. Бүгүнкү күндө «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасы 74 откананын 149,7 чакырым жылуулук тармактарын тейлейт. 74 откананын 22си көмүр, 40ы жаратылыш газы жана 12си электр энергиясы менен иштейт. Учурда баардык отканалар штаттык режимде иштеп жатат.

-- Үзгүлтүккө учураган жагдайлар барбы жана алар эмнеден болуп атат?

-- Жылуулук берүүнүн үзгүлтүккө учурашынын бирден-бир себеби – электр энергиясынын өчүрүлүшү. Электр энергиясынын суткасына 2 саатка өчүрүлүшү кандайдыр бир деңгээлде откананын операторлорунун ишин кыйындатат жана тармактык насостордун өчүрүлүшүнө байланыштуу жылуулукту белгиленген температурада кармап турууга мүмкүндүк болбой калат. Ошого карабастан керектөөчүлөрдү жылуулук менен камсыз кылууга бүткүл аракеттер жумшалууда.

-- “Көмүр тартыш” деген маалымат силерге канчалык деңгээлде тийешеси бар?

-- Көмүрдүн запасы жеткиликтүү. Керектөөчүлөр жылуулук энергиясы менен  үзгүлтүксүз жана сапаттуу камсыз болушат, бу жагынан кабатыр болушпасын.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер