Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ал мени унута албай кыйналып жатканын, бирок унуткусу келерин айтты

Ал мени унута албай кыйналып жатканын, бирок унуткусу келерин айтты

04-март, 16:55
1 754 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бир жигит менен онлайн таанышып, сүйлөшүп, бири-бирибизди жактырып калдык. Биз бир гана видео аркылуу көрүшкөнбүз. Бир убактарда узакка тыныгуу болуп кетти. Ага карата сезимдерим өчө түшкөнсүдү. Ал кайра байланышып, бир ай бою мамилебизди оңдоого аракет кылды. Мени унута албай кыйналып жатканын, бирок унуткусу келерин айтты. 

Бир убакта баардык социалдык тармактардан жоголуп кетти. Анын алдында бирөө менен таанышканын жана мени ошол кыз менен унуткусу келерин айткан. Кубанычтамын. Балким чыныгы сүйүүсүн тапкандыр, баары түшүнүктүү, бирок эмнеге ал социалдык тармактардан таптакыр жоголду? Такыр эле бул дүйнөдөн кетип калгандай сезилип жатат...

Мен башка аккаунттар аркылуу текшердим, бирок анын номери жок. Азыр мени түшүнүксүз бир коркуу сезими каптады: эмнеге ушинтип жоголуп кетти жана бул канчага созулат? Мен ага кыз кылыгын көрсөткөнүм менен чындап жактырып калганымды түшүнүп, аман болушун тиленип отурам...


Алия   

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер