Изденүүнүн түйшүктүү, татаал жолдору

Нарынга баратканда Долондон ашкандан кийинки эле айыл Оттук. Чар тарабы Тянь-Шань тоо кыркалары менен курчалган, шаркыраган добушу алыстан угулган тоо суусу айылдын четин кыйгап, Казан-Куйган экөөнүн ортосундагы сай менен окторулуп агат. Белгилүү жазуучу, филология илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун алтын медалынын ээси, эл аралык Чыңгыз Айтматов академиясынын академиги Бейшебай Усубалиев ушул айылдын кулуну. Ал ушул тоо койнундагы кыштакта көп балалуу үй-бүлөдө чоңоюп, нарктуу эне-атанын тарбиясын алган. Бейшебай Усубалиевдин аңгемелерин, повесттерин окуганда алакандын отундай болгон ушул айылдын мал, жер менен жан баккан карапайым, жөнөкөй, өмүрү калп айтып, же арамдык кылып көрбөгөн, кыйдылык, кыйыктык үч уктаса түшүнө кирбеген, сооданы, соодалашууну да билбеген, жандүйнөсү таза, ыманы ысык, алпейим, кеңпейил, колу ачык элет адамдары көз алдыга элестейт. Жүздөрү күнгө, шамалга тотуккан тоолуктардын кылык-жоруктарын, жай турмушун, мүнөзүн, ылым санаган мамилесин, дүйнөгө баёо көз карашын, үрп-адатын, салт-санаасын, жазуучу колориттүү сүрөттөйт. Кыязы, анын тагдыры “элдин миң жылдык дөөлөттөрүн чагылдырсын” деп атайын чыгармачылык жол даярдаган окшойт...
Мектепти бүткөн 1971-жылы университетке окууга өтпөй калып, оңдой берди болуп, ошол учурда жаңы ачылган “Нарын правдасы” облустук гезитине кабарчы болуп иштеп калат. Чыгармачылыгы мектепте окуп жүргөндө эле “Ата жүрөгү” сыяктуу аңгемелери менен башталып, иштин майын чыгарып, чарчап-чаалыкканды билбей узанган жаш кабарчы чокулары асман тиреген аскар тоолуу аймакты түрө кыдырып, кыштын күнү мурутуна муз тоңуп, жем-чөптүн тартыштыгына кейиген Аксай, Арпадагы чабандарга барып, жазында кош чыкканда кирпик какпай, күн-түн дебей жер айдап, кара май жыттанып, карала-торала болгон механизаторлордун иши менен таанышып, жай саратанда богок байлаган буудай талаасына суу жыгып, кулак байлап жүргөн сугатчыларга аралаша чөп чаап, тоют даярдаган колхозчулар менен талаада түштөнүп, күркүрөгөн күздө чаң жутуп, тер жыттанып, эгин чапкан комбайнчылардан, кызылга толгон кырмандан репортаждарды жасап, балдардын күлкүсү жаңырып, танаписте ызы-чуу түшкөн мектепте мугалимдердин түйшүктүү ишин, үмүт-тилектерин жазып, айтор, кызыктарга бай, ар дайым эмгек күүсүндө жүргөн журналистиканын бактылуу күндөрүн башынан өткөргөн. Анын ушундай жолду басып өтүшүнүн өзү турмуштун казанында кайнатып, чыйралтып, ысык-суукка бышырып, ак-караны таанытып, ачуу-таттуунун даамын эрте татып, кубанычынан түйшүгү, жыргалынан азабы көп жазуучулук өнөргө, илимдин тар жол, тайгак кечүүлөрүнө даярдап, чыгармачылык шыгына шык кошуп, дем берип, темир канатынын жетилишин шарттаган бейм...
Кийинки жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетине окууга өтүп, Фрунзеде студенттик жылдары башталат. Курсташтары студенттик кезинде Бейшебай Усубалиев күндүр-түндүр баш көтөрбөй китеп окуганын эскеришет. “Түн” деген китебинин бет ачар аземинде филология илимдеринин доктору, профессор, илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, илимге эмгек сиңирген ишмер, КР УИАнын академиги Сыртпай Жолдошевич Мусаев куттуктоосунда: “Мен тестиер кезде жайлоодо жылкы айдап, татырактатып ат чаап, чой-чойлоп кой артында жүргөн бала элем. Университетке кирип, студент болгондон кийин китеп окуганды ушу Бейшекеден үйрөндүм. Бөлмөсүнө кирип барсаң китептер жыйылып турат. Качан көрсөң колунда китеп, анан да түн уйкудан безип, китепти жазданып жатып окуйт экен. Бала болуп башыма жүн чыкканы дегеле мындайды көргөн эмесмин. “Китепти ушинтип окуйт турбайбы” деп мен да Бейшеке менен китепканага барып, “буга чейинки убактым бекер кеткен экен” деп студенттик жатакананын чарба жана уюштуруу иштери менен алек болгон студсоветтин төрагасы кызматын башка бирөөгө өткөрүп берип, илимге аралаша баштагам, ошондон бери үзөңгүлөш келатабыз” деп эскерген жайы бар.
60-жылдары “Битлздан” башталган рок, поп музыка 70-жылдары кемелине келип, күнү тууп, айрыкча “АВВА”, “Boney M” топторунун атагы таш жарып, дүйнөнү дүңгүрөтүп, көлдөй толкуган, шамалдай удургуган жаштар пир тутуп турган чакта заманына жараша чачын желкесине чейин коё берип, узун жака көйнөк, бийик платформа туфли, клёш шым, джинсы кийген студенттер түн уйкудан безип, дискотекада суй жыгылганча бийлешип, массалык маданияттын бул “керемет” туундусу коомдук аң-сезимге таасирин тийгизип, жаштарды акыл-эсинен тандырып, маданий дөөлөттөрдүн көп түрүн пайда кылып жаткан кезде Бейшебай Усубалиев көжөлүп отуруп, жанын жанга уруп, тыным албай иштеп, лингвистиканын теориялык маселелерин казып, дүйнөлүк адабияттын эстетикалык дөөлөттөрүн өздөштүрүп, классиктердин мектебинен өтүп, билим дүйнөсүнө баш-оту менен сүңгүп кирген экен. Чындыгында эле ошол студенттик жылдар Б.Усубалиев үчүн чымырканган руханий изденүүлөрдүн, инсан катары калыптануунун, жетилүүнүн, илимге, адабиятка чыйыр салуунун жылдары болгон. Университетти өз күчү менен “эң жакшы” деген бааларга окуп, кызылдай мээнетте бүткөн идиректүү студентти 1977-жылы кыргыз филологиясы факультетине окутуучулук кызматка ишке алышат. Сыягы, ал университеттин окутуучусун такыр башкача элестетип жүргөн окшойт. Ошол жылдары максималист Б.Усубалиевдин идеалдарга умтулуусу аркылуу турмуштун ачуу чындыктарынын ортосундагы ажырым оркоюп көрүнүп, жасалмалуулук, жалгандык, адилетсиздик менен келише албаган, окууну жаңы бүткөн жаш адистин руханий дүйнөсүндө, турмушка көз карашында карама-каршылыктуу процесстер жүрүп, бир топ өзгөрүүлөр болгон. Жай саратанда ЖОЖдорго кабыл алуу сынактары башталар алдында “Ленинчил жаш” гезитине чыккан “Ак ийилип, сынабы?” (29.07.1980) аттуу макаласында “Ушул мезгилге чейин биздин тагдырыбыз үчүн омоктуу мааниге ээ болгон бир чындыкты бири-бирибизге шылтап, ачык айтыша албай келдик. Ал чындык – “бүгүнкү күндө жогорку же орто окуу жайы болобу, аларга өтүүдө адилеттүүлүк аз. Ак ийилмек турсун, сынып калды!” деген бушаймандык. Муну айрымдарыбыз ачык айтып, далилдеп берүүгө да жанталашабыз. Бул аркылуу адилеттүүлүктү медер туткан балдарыбыздын тунук тилегин кирдетип, ишеничин өлтүрүп, чоң күнөө кылып жатканыбызды да элес албай келебиз! Ата-энелерге жүрөктү өйүгөн ушул акыйкатты айтканда, алар буркан-шаркан түшүп, “болуптур, биз балдардын ишеничин өлтүрүп, күнөө кылып жаталы дейли, а силер ак сынбаганды далилдеп бергилечи?! Эгер ак сынбаган болсо, анда эмне үчүн жакшы окугандар өтпөйт да, окууга начарлар өтүп жатат? Эмне үчүн жогорку окуу жайларында эптеп илең-салаң окугандар көп кездешет? Эмне үчүн ымтыраган арабөк адистер жаралууда?” дешет” деп жазганы ошол кезде ЖОЖдорду отоо чөптөй каптап кеткен коррупция менен келише албаган Б.Усубалиевдин коомчулукту ойготуу үчүн чыркырап айткан чындыгы, каккан коңгуроосу, көз боёмочулукка каршы турган бунту, анын чындык үчүн күрөшкөн атуулдук эрдиги! Мамлекет адистерди бекер окутуп, даярдап жатса, ортодо кызматынан кыянаттык менен пайдаланган университеттин, сельхоз, политех, женпед сыяктуу институттардын кызыл кекиртек профессорлору, доценттери кирүү экзамендеринде пара алып, кылмыштуу жол менен абитуриенттердин эсебинен акчага туйтунуп, билими начар, оозуң кайсы десе мурдун көрсөткөн эт баш окуучуларга “жакшы” деген баа коюп, окууга өткөрүп, ал эми жакшы окуган, идиректүү абитуринттерге көз көрүнөө “2” деген баа коюп кулатып, сындырып, таланттуу балдардын жолун бөгөттөп, багын байлап, убалына калып жатканына күбө болуп, адилеттүүлүк тебеленгенине кабыргасы кайышып, ага дилинде макул болбой, чыркыраган чындыкты айтып чыккан экен. Ооба, Бейшебай Усубалиев союз мезгилиндеги билим берүүдө оор “илдетке” айланган проблеманы иликтеп, талдап, коомчулуктун алдына кабыргасынан койгон курч публицистикалык макалаларды жазган. “Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам” деп Райкан таамай айткандай, ошол паралап диплом алган, билими тайкы, сабатсыз, маңыроо адистер, дегеле коррупция, протекция, адилетсиздик, саткындык акыры жүрүп, мамлекеттин экономикасын начарлатып кыйроосуна алып келерин турмуш өзү кашкайта далилдеп көрсөттү. Убагында Б.Усубалиев ушуну көрө билип, баардыгын көзөмөлгө алган, жаалы катуу тоталитаризмдин цензурасына карабастан башын тобокелге салып, коомчулукту ойготуп, бул социалдык илдет менен жан аябай күрөшүүгө бел байлап, позициясын ачык билдирип, бир чети сынактан кулап, канаты кайрылып, укугу тебеленген, адилетсиздиктен көңүлү кайтып, жеңилүү ызасын тартып, ичи сыйрылып турган жаштарга чындык бар экенин, акыйкат болорун, ал үчүн көздөгөн максатынан кайтпай, тынбай мээнет кылуу керек экенин эстерине салып, жогорку окуу жайларда жалаң эле кара курсагын ойлогон паракор, кудай безер, шүмшүк профессорлор эле эмес, чындык үчүн күрөшкөн, мойнуна кылыч такаса да калыстыктан тайбаган окутуучулар да бар экенин далилдеп, аларга келечектин үмүт отун жандырган. Анан ошол ортого киши салып, профессорлордун алкымын майлап окууга өткөн студенттер терең билим алууга деле умтулбай, адистиги тууралуу түшүнүгү жок туруп, мурдагыдай эле коррупциялык жолдор менен жакшы баа алууга жулунгандарын көрүп, көңүлү зилдеген Б.Усубалиев “Кесиптештерге ачык сыр” (12.02.1978), “Баарыдан мурда адамбыз” (“Ленинчил жаш” 18.01.1979) деген макалаларын жазып, анда жаштардын ыйман, адеп-ахлак маселесин кабыргасынан койгон. Ал эми “Биз, айрымдар” (“Ленинчил жаш” 05.02.1980) аттуу макаласында: “Ооба, баарыбыз түгөлбүз, окууну бүттүк, иштеп жүрөбүз. Айрымдарыбыз илим артындабыз. Кыскасы, турмушка аралаштык. Кайсы гана мезгил, кандай гана шарт болбосун, жашоону сүйөбүз, адамча жашайбыз деген ант менен турмушка аралаштык!.. Алардын баары бар, баары түгөл. Бирок эмнегедир азайып бараткандай туюлабыз?.. Ичиң ачышат, бир мезгилде илимдин тазалыгы үчүн жанын курман кылуудан кайра тартпаган, адам жөнүндө тынчсыздана билген досуң бүгүн минтип кара курсакты кампайтышты көздөп калса, кантип ичиң ачышпайт!.. Айрымдарыбыз бүткүл өмүрүбүздү илимге арноону чечкенбиз, бизди илимдин сырлары куштарлантчу. Чыныгы илимпоз болуп, жолбундардан илимди тазартсак деп ак эткенден так этчүбүз” деп кыялданганын жазат. Сүйлөмдөрдүн ыргагынан, интонациясынан жандүйнөсү ууздай таза, изденүүнүн азабынан апкаарыбай, жаңылык ачууга, тоодой жүк көтөрүүгө умтулган жаш окумуштуунун илимдеги терс көрүнүштөр менен келише албаганы, илимдин тазалыгы үчүн күрөшүүгө бел байлаган чечкиндүүлүгү, курчтугу, башын сайганы сезилип турат. Бийик максаттарды көздөй жолго бирге чыккан курбулары турмуштун алгачкы тоскоолдуктарына туруштук бере албай, эрки майтарылып, оңой жолдорду издеп, кыйынчылыктардан качып, “жеңил ойдо карьера жасап, эптеп илимдин кандидаты, доктору болуш керек” деп “эптеген” төтө жолдорго түшө баштаганда, принциптен тайып, кара башын ойлогон курбуларына нааразычылыгын билдирип, көңүлү иренжип, алардан үч көчкөн журттай түңүлгөн экен. Илимди карьера, мансап катары гана пайдаланып, тааныш-билиш аркылуу кандидат болуп, окумуштуулук даражанын кадырын кетирип, баркын түшүргөн илимдеги жолбундар пролемасын кандан-бектен кайра тартпай көтөрүп айтып чыккан.
Ошол мындан кырк беш жыл мурда Бейшебай Усубалиев алдын ала көрө билгендей эле азыркы учурда илимий адистерди даярдоодо протекция, коррупция күчөп, медицина, техника, айыл чарбасы, табият илимдери, социалдык жана гуманитардык илимдер багыттарында даяр кандидаттык, доктордук диссертацияларды сатып бизнес кылган “менеджерлердин” катмары пайда болуп, илимди “жолбундар” (Б.Усубалиев) каптап кеткен. Илимий даража алууда фаворитизм, непотизм кеңири тамыр жайып, социалдык илдет катары кабылдап, күчөп, жайылып, меритократиянын жолу бөгөлүп, саны бар сапаты жок “кандидат”, “доктор” деген окумуштуулук даражаны жамынган чаласабат илимпоз сөрөйлөрдүн кесепетинен илим кризиске белчесинен батып, мамлекет миллиондогон каражат жумшаганы менен андан эч кандай майнап чыкпай, коррупционерлер ээлеп алган илим тармагын кризистин сормо сазынан чыгаруу аракеттери текке кетип жатат. Ошентип, кезинде илимдеги жемкорлук, тааныш-билиштик, паракорлук сыяктуу курч көйгөйлөрдү Б.Усубалиев тайманбай көтөрүп, коомчулуктун алдына орой көз чарай коюп чындык издеген экен...
(Уландысы кийинки санда)
Аскар Медетов, филология илимдеринин кандидаты
"Азия Ньюс" гезити