Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таттуубүбү Эргешбаева: «Депутаттар конституциялык мыйзамдарды кабыл алууга укуктуу эмес»

Таттуубүбү Эргешбаева: «Депутаттар конституциялык мыйзамдарды кабыл алууга укуктуу эмес»

08-февраль, 19:08
1 785 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү мыйзамга жана ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча депутаттардын демилгеси мыйзамсыз (!) деп жатасыздар. Себебине токтолсоңуз?

-- Биз, Кыргызстан юристтеринин коомдоштугу, ЖКнын регламенти жөнүндө жана КР ченемдик укуктук актылары (ЧУА) жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Жогорку Кеңештин үч депутатынын (Б.Турусбековдун, У.Кыдыралиевдин жана А.Жапаровдун) 2021-жылдын 21-январындагы шашылыш, мыйзамсыз жана негизсиз демилгесине каршыбыз. 2020-жылдын 22-октябрынан тартып парламент тарабынан шайлоо жана конституциялык референдум жөнүндө мыйзамдарды кабыл алуу боюнча жол-жоболорду бир нече жолу бузуулар Кыргызстанда укуктук мейкиндиктин бузулушуна алып келүүдө. Буга карабастан, парламент мыйзамдарды айланып өтүү менен бийликке жагымдуу, бирок элге жагымсыз чечимдерди кабыл алууну улантып жатат. Өлкөнүн жогорку мыйзам чыгаруучу органы Кыргызстандагы мыйзамдардын үстөмдүгүн бузууну улантууда. 

-- Депутаттар 2021-жылдын 21-январында демилгелеген мыйзам долбоору Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жөнүндө мыйзамды коомдук талкуусуз, дароо үч окууда кабыл алууну сунуш кылбадыбы, эмнеге андай болду?

-- Депутаттардын эсине салсак, Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат. Бул мыйзамдар бүткүл элдин кызыкчылыгында кабыл алынарын билдирет. Бул мыйзамдарды талкуулоого жана кабыл алууга жарандардын катышуусу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө чакырылган баардык жол-жоболук талаптарды кыйшаюусуз сактоону талап кылат. 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын преамбуласында жана 1-беренесинде бир катар принциптер бекитилген, алар биздин өлкөнүн мамлекеттик түзүлүшүнүн негиздерин аныктайт. Ушундай маанилүү принциптердин бири болуп демократиялык жана укуктук мамлекеттин принциптери саналат. Бул принциптер мамлекеттик органдардын ишинде ишке ашырылат. 

Мыйзам чыгаруу жол-жоболорунун алкагында демократиянын жана укуктук мамлекеттин принциптери мыйзамдарды кунт коюу менен карап чыгуунун, талкуулоонун жана кабыл алуунун баардык мөөнөттөрүн жана стадияларын сактоону талап кылат. Бул стадиялар болсо милдеттүү түрдө коомдук маанидеги ар кандай маселелер боюнча ачык коомдук талкууларды жана өз позицияларын билдирүүгө жарандар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү камтыйт. 

-- Негизи Башмыйзамды өзгөртүүдө, аны кабыл алууда элдин укугу барбы? Алардын ой-пикири эске алынышы керек беле?

-- Конституциянын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык жарандар республикалык жана жергиликтүү маанидеги мыйзамдарды, чечимдерди талкуулоого жана аларды кабыл алууга катышууга укуктуу. Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү мыйзамга жана ЧУАларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилге КР жарандарын бул укуктан ажыратат, ушул мыйзам долбоору кабыл алынган учурда Кыргызстандын парламенти тарабынан Конституцияны жана демократиялык жана укуктук мамлекеттин принциптерин одоно бузуу болуп калат. 

Ошондуктан биз, Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаровду, Бактыбек Турусбековду жана Умбеталы Кыдыралиевди Кыргызстанда конституциялык түзүлүштүн жана укуктук мамлекеттин негиздерин бузууну токтотууга жана «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («КР Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун кайра чакыртып алууга, алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңешти көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун кароодон баш тартууга чакырабыз! 

-- 6-чакырылыштын депутаттары легитимсиз иш алып барып жатканы да белгиленүүдө. Мындан улам, депутаттар өздөрү мыйзамсыз отуруп алышып, мыйзамдарды кабыл алып жатат да, туурабы

-- 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ишинин мөөнөтү 2020-жылдын 4-октябрында аяктады жана ошондуктан парламент пророгация абалында турат. Башкача айтканда, парламенттин ыйгарым укуктары чектелүү (!) деп бир нече жолу ырастаган. 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өлкөдөгү стабилдүүлүктүпрезиденттик жана парламенттик шайлоолорду өз учурунда өткөрүүнү камсыз кылуучу чараларды көрүүгө укуктуу. Кыргызстан эли өлкөдө бийликтин жаңы мыйзамдуу бутагын түзүүгө тийиш. 

2020-жылдын 4-октябрынан тартып, 6-чакырылыштагы парламент (Европа кеңешинин Венеция комиссиясынын 2020-жылдын 17-ноябрындагы Amirus Curiae шашылыш корутундусуна ылайык) өзгөчө чараларды беките албайт. Тийешелүү түрдө депутаттар конституциялык мыйзамдарга, ошондой эле конституциялык референдум жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү кабыл алууга мыйзамдуу да, легитимдүү да укукка ээ эмес.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер