Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Омикрон» штаммы 106 өлкөдө катталды

«Омикрон» штаммы 106 өлкөдө катталды

22-декабрь, 17:55
632 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

COVID-19дун «омикрон» штаммы 106 мамлекетте катталды. Ошол эле учурда «дельта» штаммы да күн сайын күч алууда. Мындай маалымат Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жумалык отчётунда айтылды.

Отчётто мындан тышкары жаңы штаммга болгон коркунуч дале күчүндө экени белгиленет. Маалым болгондой, 13-декабрдан 19-декабрга чейин «омикрон» штаммын жугузгандар жалпы коронавируска чалдыккандардын 1,6%ын түзгөн. Ал эми «дельта» штаммы менен 96%ы катталган.

ДССУ «омикрон» өтө тез таралып баратканына, алтургай иммунитети күчтүү делген өлкөлөрдө да катталып жатканына тынсыздануусун билдирген.

Айта кетсек, 11-ноябрда Түштүк Африкадан табылган бул штамм тууралуу ДССУ маалымат тараткан. Анда «омикрон» штаммынын COVID-19дун башка түрлөрүнө караганда бат таралары, бир адамдан бир адамга оңой жугары бирок оору жеңил өтөрү айтылган. Адам өлүмү катталуусу мүмкүн эмес делгени менен учурда үч бейтап каза тапканы расмий кабарланды.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер