“Ажырашып кетсек дагы күйөөмдөн кутула албай жатам”

«Ак жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекова кризистик борборго келген келиндин катын жарыялады.
«Мен Т.С. 2016-жылы турмушка чыккам. Экөөбүз сүйлөшүп жүрчүбүз, бирок алып качып кеткен. Турмушка чыккандан он күндөн кийин эле мага күйөөм зомбулук кыла баштады. Кызганат, болор-болбос нерседен эле уруш чыгарат. Өзү болсо жалгыз бала, ата-энеси ага сүйлөй албайт. Сүйлөсө эле “мен кетип калам”, “мен антем, минтем” деп эле ата-энесин дагы коркута баштайт. Ошентип күндөр өтө берди. Мени кайната-кайненем «турмуш ушундай болот, чыдаш керек. Эртең балалуу болгондо мүнөзү калып кетет» деп жооткотуп коёт. Ошентип бир жылдан кийин кыздуу болдук. Балалуу болгондон кийин деле оңолгон жок. Кайра кылыктары көбөйдү. «Ана сени карап турат», «мынабу сени карап турат» деп эле уруш чыгарып, бети-башымды көгала кылып уруп таштайт. Урганда да бир-эки жолу уруп эле калбай, моокуму кангыча сабайт. Уруп алып эми «күл» дейт. Күлбөсөң дагы урат. Шаарда болсок кур менен урат, айылда болсок камчы чабат, жайлоодо болсок тикендүү карагайды алып келип, ошону менен сабайт. Үстүмө муздак суу куят. Ширеңке чагып, буттарыма тийгизип күйгүзгөн.
Бир жолу Ошто квартирада элек. Өлгүдөй уруп, мен эсимди жоготуп коюпмун. Эсиме келсем, кожойке эже суу чачып жатыптыр. Ал «сен күйөөң менен ажырашып эле кет, болбосо майып кылып коёт» деди. Чачыман сүйрөп, башымды дубалга сүздүрүп, канжалата сабачу. Ата-энемдин үйүнө эки жыл ичинде бир дагы жатып келгенге жөнөтпөдү. Бир гана жолу эки саатка күндүз жөнөткөн. Мен дагы элге окшоп төркүнүмө баргым келчү.
Ошентип чыдап жүрө берип, чыдамым кетип калды. Бир күнү милицияга берип койдум. Милиция бизди сурак кылды, кайненем мага жалынып, тосмо арыз жаздыртып, баласын алып чыкты. Анан жакшы эле жашагансып, болгону бир апта жашадык, анан ал үйүнө, айылга кеткен эле. Үйүндө кандай маселе болгонун билбейм, мени менен телефондон урушту. «Бар кет! Жогол көзүмө көрүнбөй!» деди. Мен апамдардын үйүнө келе бердим. Ошол күндөн баштап экөөбүздүн жашообуз токтоду. Мен алты ай болгондон кийин Россияга кетип калдым. Ал жерде жети ай тил курстарын окуп, андан ары Германия мамлекетине кеттим. Ал жерде төрт ай иштегенден кийин менин кызымды чоң аталары сурап алып, кайра бербей коюшат. Анан мен Германиядан кызым үчүн атайын келип, апамдарга алып берип, кайра кеткем. Эми мына 2020-жылы 5-апрелде кызымды уурдап кетишет. Аркасынан апам, үкөм барса, булар менен мушташып, үкөмдү башка-көзгө тепкилеп, уруп таштаган.
Эми сөздүн кыскасы, мен күйөөмдөн ажырашып дагы кутулалбай жатам. Мени тынч койбой, тынчымды алып бүттү. Учурда мени сотко берип, кызымды талашып, “энелик укуктан ажыратам” деп жатат».