Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мария Логвиненко: «Кыргызстанда жыныстык мүчөсүн чоңойткон эркектердин саны өсүүдө»

Мария Логвиненко: «Кыргызстанда жыныстык мүчөсүн чоңойткон эркектердин саны өсүүдө»

13-август, 23:28
3 387 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жыныстык мүчөсүнө пластикалык операция жасаткандар көбөйдү

-- Учурда пластикалык операциялардын түрлөрү өнүгүп жатат. Суроо-талап жогору болгон процедуралардын бири – эркектин жыныстык мүчөсүн чоңойтуу болууда. Негизи жыныстык мүчөнү чоңойтуу эки жол менен жасалат: хирургиялык жана операциясыз. Бирок, Кыргызстанда хирургиялык жол менен жасай тургандар жокко эсе. Операциясыз аткарыла туган процедура ич ара эки бөлүктөн турат. Бейтаптын өзү каалаган дене-мүчөсүнөн май алынып, тазалангандан кийин, мүчөгө куюлат же ийне менен сайылат. Экинчиси – филлер (биогель) куюлат. Филлер анын узун-туурасына таасир этет. Гиалурон кислотасы адамдын организмине терс таасир тийгизбейт, аллергия чакырбайт. Филлер дененин баардык башка мүчөлөрүнө колдонулуп келет.  


Жасалма жол менен чоңойтулган мүчө төшөктөгү активдүүлүккө таасир тийгизбейт

-- Мүчөнү чоңойтуу – адамын сезимталдыгына, балалуу болуусуна жана төшөктөгү активдүүлүгүнө таасир этпейт. Ал эми кадимки уколдун ордуна атайын ооруну сездирбей турган май колдонулат. Азиат улутундагы эркектердин дээрлик 70 пайызы өздөрүнүн жыныстык мүчөсүнүн көлөмүнө канааттанбайт. Ошондуктан, процедура биздин өлкөдө жасала баштагандан бери кайрылгандардын саны өстү. 


Жыныстык мүчөнүн көлөмү кардардын каалоосуна жараша чоңойтулат

-- Азиаттардын жыныстык мүчөсүнүн орточо өлчөмү сегиз же он беш сантиметр болот. Ал эми тогуз сантиметрден ылдыйлар өтө кичинекей катары эсептелет. Он беш сантиметрден жогорулар чоңго кирет. Мүчөнүн узундугуна үч, жоондугуна төрт сантиметрге чейин кошсо болот. Процедура эч кандай оорутпайт жана сезилбейт. Бүткөндө кардар бейтапканага жатпайт, дароо басып, күнүмдүк турмушуна кайта алат. Баалары жыйырма миң сомдон жогору. 


Биогель эки жылга чейин сакталат

-- Адамдардын организмине жараша биогель бир же эки жылга чейин сакталат. Андан кийин каалоого жараша кайталаса болот. Кардарлардын басымдуусу муну ачык айткандан уялышат. Алтургай көпчүлүгү консультация алгандан кийин, төрт-беш айга чейин ойлонуп, анан барып бир чечимге келишет. Ошол эле учурда бул процедураны дароо жасаткысы келгендер да болот. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер