Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Таблетка ичип, боюман алдыра берип, ошонун кесепети тийди...”

“Таблетка ичип, боюман алдыра берип, ошонун кесепети тийди...”

02-март, 00:05
1 694 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Адатымча бетон тосмонун артында турам, аңгыча элдер өтө баштады. Сен да баратасың. Ак футболка, мала кызыл шым кийип алыпсың...

--Эрке!-деп кыйкырдым.

Артыңа кылчая берип, жүзүңө толгон кубанычтар менен келип учураштың. Баягыдай жылдыздуу, таттуу экенсиң. Экөөбүз ал-жай сураштык. Канча убакыт өтсө да өзгөрбөпсүң. Эч кандай. Эски күндөрдү эстедик. Өзүң жөнүндө айтып бердиң. Турмуштан жолуң болбой, ажырашып кеткениңди эске салдың...

--Баары жакшы болот...-дедим.

--Жакшы деле болбойт го? Экөөбүз сүйлөшүп жүргөндө таблетка ичип, боюман алдыра берчү эмес белем, билесиңби? Ошонун кесепети тийди...-деп сөз таппай калдың.

--Мени кечирчи?

--Сени башында эле кечиргем,-дедиң жалооруй.

--Эмне кылсам? Өкүнүп жатам...

--Эч нерсе кылба. Сага түйшүк жараткым келбейт. Ал күндөр менин жаштыгым болду. Сени сүйдүм, бирок өкүнбөйм...

--Койчу? Жүрөктү оорутасың да... Ооба, мен күнөөлүүмүн. Тобокелге барып, сени экинчи аял кылып алсам болмок да. Бирок...-деп эрксизден эки жакты карадым.

--Мен деле тийип алмакмын, сөздөн корктум... Ошондо төрөсөм, балабыз быйыл окууга бармак экен...

--Эрке, чынбы?

--Ооба,-дедиң кайгы аралаш карап.

--Капа болбочу?

--Айтып алайын да…

--Сонун токол болмоксуң, бирок кыялың катаал... Экөөбүз канча чатакташтык?

--Сени сүйгөн үчүн да, кызганычтан урушчубуз э?-деп жылмайдың. 

--Шабдалыдай ширинсиң... 

--Жеп салчы?..-дедиң эркелей карап.

Апакай жүзүңөн сыладым. Экөөбүз кучакташтык. Кийимиң былчылдап суу экен. “Кандайча?” дедим ичимен күбүрөнүп. Жамгыр эми себелей баштады го? Адаттагыдай эле башыңды көкүрөгүмө сүйөдүң. Демим кысылып чыкты, денеңен суу чыгып аткандай чылпылдайт. Бул кайдагы суу? Жамгыр жаңы гана себелеп кирди. Аңгыча “тарс-турс” эте чагылган түштү...

Ойгонуп кеттим. Сен түшкө кирип атыпсың... Тер басыптыр. Саат таңкы 4.35. Терезени ачып, чылым түтөттүм. Түн. Салкын аба. Маңдайдагы этаждардан анда-санда гана жарык күйөт. Жаз да келип калды. Бирок, менин көкүрөгүмдө бир муздактык байыр алган... “Жылытыш керек” дедим шыбырап. Бирөө угуп койгондой эки жакты элейе карайм. Эч ким укпайт да. Чын эле, жылыныш керек... 

Кыян Сары

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер