Акыркы кабарлар
» Коом » Окуучулар мектептин оңдолгон дааратканасында сабак окушту
Окуучулар мектептин оңдолгон дааратканасында сабак окушту
16-декабрь, 15:50


Бул мектеп 1986-жылы 1 миң 51 окуучуга ылайыкташтырылып курулган, учурда 1 миң 553 окуучу билим алууда. Окуучулардын көптүгүнө байланыштуу, класстар жетишпей даараткана жана жуунучу бөлмөлөр окуу бөлмөсүнө ылайыкташтырылып, оңдоодон өткөрүлгөн.
Бул үч кабаттуу мектептин ар бир кабатында даараткана жана жуунучу бөлмөлөрү бар. Быйыл класстан тышкаркы сабактарды өтүү үчүн бөлмө жетишпей, ажаткана бөлмөсүнүн бирөөсү оңдолгон. 13-декабрда ал бөлмөдө өзбек тили сабагы өткөн. Социалдык түйүндөргө жарыяланган сүрөттөр ошол сабакта тартылып алынган.
Облустагы Элдик билим берүү башкармалыгынын өтүнүчү менен даараткана бөлмөсүн окуу классы катары пайдалануу токтотулду.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда окуу жылынын башында Нарын облусундагы контейнерде окуган окуучулар коомчулукка бир топ талкуу жараткан эле. Ал эми Өзбекстанда окуучулар дааратканада окуса да, коомчулукта анчалык ызы-чуу жаралган эмес.
Aryba.kg