Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алма уксусу арыктоого жардам берет

Алма уксусу арыктоого жардам берет

06-сентябрь, 17:37
2 509 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Алма уксусу адам организми үчүн уникалдуу, натуралдуу азык экенин баалабай келебиз. Аны ашканада да, косметологияда да, алтургай дарыланууда да колдонууга болот.

Көңүлүңүз ачык болсун десеңиз…

Уйкудан ойгонгондо ачкарын 1 стакан үй температурасындагы сууга 1 аш кашык алма уксусун, 1 чай кашык бал кошуп жутуп алсаңыз, көңүлүңүз ачылып, жеңил жүрөсүз.

Салмактан арылууда

1 стакан жылуу сууга 1 аш кашык алма уксусун кошуп ачкарын ичүү ашказандын иштешин жакшыртып, ашыкча салмактан арылтат. Бир күндө үч маал ичип туруу керек.

Ашканада

Алма уксусунун жардамы менен жашылча-жемиштерди таза жууса болот, ошондой эле этти маринаддап, чылап койсо даамдуу болот.

Териге кам көрүүдө

Алма уксусу териге түшкөн бырыштарга каршы натыйжалуу каражат. Аны менен бирге теридеги грибок, жараларга пайдасы зор.

Целлюлитке каршы

Төрөгөндөн кийин теринин ар кандай чоюлган жерлерин, целлюлиттерди алма уксусу менен сүртсө, терини тартып, жылмакай кылат.

Чарчоону жазууда

Дене чарчап турганда 1 чоң стакан муздак сууга 2 аш кашык алма уксусун кошуп денеге толук сүртсө чарчоону жазат.

Ваннага түшкөндө

Ванна кабыл алганда сууга алма уксусун кошсо денени эс алдырат. Буттагы ооруну жазат. Ал үчүн алаканга алма уксусун куюп бутка сүртүү керек. Анан да чачты жууган соң алма уксусу кошулган сууга чайкаса чач жылтырай түшөт. 1 литр сууга 1 аш кашык алма уксусун кошуу керек.

Организмди чыңдоодо

Тамактануу маалында 1 стакан сууга 2 чай кашык алма уксусун кошуп ичсе жалпы организмди чыңдайт.

Ангинаны дарылоодо

Ангина менен ооруп жаткан адам күн сайын 1 стакан сууга 1 чай кашык алма уксусун кошуп тамакты чайкап, андан соң жутуп коюусу керек.

Бөйрөккө суук тийгенде

Бөйрөккө суук тийген учурда 1 стакан суу менен эки чай кашык алма уксусунун кошулмасын күн сайын ичип жүрүү керек.

Баш ооруда

Башы ооруган адам 1 аш кашык алма уксусу, 1 аш кашык бал кошулмасын тамактанар алдында ичүү менен баш оорудан кутулат.

Кан басымы көтөрүлгөндө

Кан басымы жогору адам 1 стакан сууга 2 чай кашык алма уксусун кошуп күн сайын ичип жүрүү менен кан басымынын өлчөмүн бир калыпта алып жүрө алат.

Түнкүсүн тердөөдө

Түнкү уйкусу тердөөдөн бузулган адам уктар алдында териге алма уксусун сүртүп жатуу менен терден арылса болот.

Темир өткүдө

Денеге темир өткү чыгып кеткен учурда күндүзү 4 жолу, түнкүсүн 3 жолу ошол жерлерге алма уксусун кебезге малып коюп коюу керек. Андан кычышып, ачышканы басылып, эртерээк айыгышына шарт түзүлөт.

Күйүктө

Күйгөн жериңизди алма уксусу менен сүртсөңүз, жаныңызды кейиткен ооруну басаңдатат.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер