Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мирлан Каниметов: “Биздин министрдин кадыр-баркы көтөрүлүүдө”

Мирлан Каниметов: “Биздин министрдин кадыр-баркы көтөрүлүүдө”

27-март, 21:50
1 475 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мирлан мырза менен чакан аңгеме-дүкөн курдук. Ушул айдын ичинде ок атышуу окуялары катталды. Набыт кеткендер да жок эмес. Андан сырткары, талап-тоноочулук, опузалоо, каракчылык иштер токтобой атканы маалым. Ал ортодо министдин ишмердүүлүгүнө баа бере кетти.

-- Генерал мырза, Кыргызстандын кээ бир аймактарында атышуулар катталып, набыт болгондор жок эмес. Ушу боюнча кыскача айтып кетесиңби? Эмнеге мындай болуп атат?

-- Жыл башынан бери 36 киши өлтүрүү фактылары болуп кетти. Ошонун бирөөсү гана бети ачылбай турат. Ал кечээги Ош шаарындагы окуяга байланыштуу. Бул эми атайын буюртма өлтүрүү эмес, өздөрүнө катталган мергенчилик куралдарына байланыштуу болуп атат. Өзгөн шаарынын тургундары боюнча бирөөсү аз убакыт өтпөй кармалды, экинчисине издөө жарыяладык. 

-- Уюшкан кылмыштуу топтордун опузалоо, талап-тоноо, каракчылыктар жагы кантип атат?

-- Бүгүнкү күндө 61 опузалоо боюнча кылмыш иши катталган. Аны 37синин бети ачылды. 24үнө сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Анын да ону жаш өспүрүмдөр арасында телефон аркылуу коркутуп-үркүтүп дегендей. Жыл башынан бери 16 каракчылык катталып, баарынын бети ачылган. Көбүнчө түнкүсүн дүкөн ээси жаш баласын же кызын таштап кеткен учурда, мас абалында келип бычак менен коркуткандар болууда... 

-- Министр Улан Ниязбеков мырза ишти кандай жөндөп атат?

-- Улан Омоканович эл аралык кызматташуу боюнча Минск конвенциясы, Ереван, Кишинев келишимдеринин алкагында коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрү менен өз ара кызматташтыкты кайрадан жандандырууда. Мезгилдин талабына ылайык, ИИМ тармагына жумушка кирүүнү сынактын негизинде алып, дайындоолорду баштады. Мурункудай тааныш-билиш, ага-тууган, жээк-жат дегенди карабай, кесипкөй адистер менен камсыз кылууда. 

-- А сынактын мүчөлөрү кимдер болууда?

-- Жалаң эле ИИМ кызматкерлери эмес, коомдук кеңештин мүчөлөрү, ар кыл сферанын адамдары бар. 

-- 2019-жылы кабыл алынган жана коомчулук тарабынан сынга кабылган мыйзамдар, кодекстер бар эмеспи. Ошо жагы кантти?

-- Туура айтасыз, 4 кодекс, 2 мыйзам кабыл алынган. Алардын шайкештиги боюнча көптөгөн иштерди карап атат. Өзгөртүү жактарын, биздин коомго шайкеш келбегендерин талдоо кылып атканын билебиз. Миграция жагы, бизге келген чет өлкөлүктөрдүн тартип бузуулары, аларга чара көрүүлөрүн карап атабыз. Жакында координациялык кеңеш түзүү пландалууда.

-- Максаты?

-- Жер-жерлердеги аткаруу бийлиги, башка министрликке, ведомстволорго ж.б. жүктөлгөн мыйзамдар бар. Мына ушу жерде каралбаган маселелерди ИИМ менен биргеликте мыйзамды өзгөртүү боюнча бир багытта иш алпарууну көздөп атабыз. Бул демилге да Улан Омокановичтики. ИИМдин өздүк курамында министрдин кадыр-баркы күн сайын көтөрүлүүдө. Министрликтин алдында көчмө кабылдамаларды уюштуруп, анын иш алпарууларын бүткүл республика боюнча жайылтууда. Жетишсиз болуп аткан жерлерге, анын кем-карчын жоюуда демөөрчүлөрдү да өзү таап, ишти үзгүлтүккө учураткан жок. Ошолордун жардамы менен көчмө кабылдама жеринде маселелерди чечип атат.   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер