Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азык-түлүк, күйүүчү майлар кымбат, отун-суу тартыш, кыштан кантип чыгабыз?

Азык-түлүк, күйүүчү майлар кымбат, отун-суу тартыш, кыштан кантип чыгабыз?

30-октябрь, 21:56
1 432 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Отун-суунун тартыштыгы, жарыктын маал-маалы менен өчүшү, азык-түлүккө, күйүүчү майга карата кымбатчылык, айтор, баардык тармактарда кризис. Кыштан кыйналбай кантип чыгабыз?” 

Клара Ажибекова, коммунист, пенсионер:

-- Энергетика боюнча анча кыйналбайт окшойбуз. Анткени, “кошуна өлкөлөрдөн 2 сомдон алабыз” дешти. Андан сырткары, өзүбүздүн Токтогул ГЭСи бар дегендей, бул – биринчиден. Экинчиден, көмүр маселесин айтайын, Кара-Кечедеги көмүрдү көрүнгөн жакка талап, дайын-оту билинбей, ортодон ортомчулар чыга калып, баалары асмандап кетчү. Азыр телевизордон берип атат, “муктаждарга ынанымдуу баа менен берип атабыз” деп. Демек, бул жагы да оң жолго коюлган өңдүү. Акаевдин заманында көмүр кымбат, аны менен кошо өмүр кымбат болуп отуруп калбадык беле? Же светибиз, же газыбыз жок, Акүйдүн жанында күн алыс митингге чыгып калганбыз. Ал мезгилге караганда азыр шүгүр элебиз. Сызга отуруп калбайбыз. Азык-түлүк жана кийим-кечеге баа төмөндөй турган жагдай бар экен. Эмнеге дегенде, Кытайдан келе турган фуралар эки эсе көбөйөрүн Акылбек Жапаров айтты. Күйүүчү майлар буга чейин контрабанда менен сыртка кетип аткан эле. Эми ар бир литр май эсеп-чотко алынарын Камчыбек Ташиев айтты. Демек, бу жагы да көзөмөлдө болуп, баалардын обу жок кымбатташына жол берилбесине ишеним пайда болду.

Качкын Булатов, укук коргоочу:

-- Көмүр кымбаттабайт эле болчу. “Кыргызкөмүр” ишканасынын жетекчилиги улам-улам алмаша берип, элди көмүр менен камсыз кылуу бир аз создугуп кетти. Бу жерде өкмөттүн жаңылыштыгы болгонсуду. Азыр да кеч эмес. Көмүргө болгон таңкыстыкты жоюп, толук кандуу жеткирсе болду. Кымбатчылыктын басышы бийликтин шалаакылыгынан келип чыкты. Бааны тескеп турчу антимонополия кызматы иштебей туруп алды. Кымбатчылык өтө опурталдуу болуп турат. 2010-жылы Токтогул суу сактагычында 20 млрд. куб суу бар болчу. Сууну коңшу мамлекеттерге ыгы жок сата коюшуп, өзүбүз суусуз калып, свет маал-маалы менен өчүп турган. Мындан биз сабак алдыкпы же албадыкпы, билбейм. Бирок, Өзбекстан анча-мынча машинелерин бере коюп, биздин сууну алып атышат. Эң ириде өзүбүздү камсыз кылып, аны тоугу менен эсептеп туруп, калганын машинеге алмаштырып, же башка нерсеге керектешсе болмок. Анткендин ордуна өзүбүз кошуна өлкөдөн 2 сомдон кайра алат экенбиз. Ушу кантип болсун?! Азык-түлүктүн баасын көзөмөлгө ала турган органдар коррупцияга малынып, эки кишинин башы кошулган жерде кантип бааны көтөрүү аракети жүрүп атса, анан кантип арзандасын? Ушу жагына президент өзү көз салышы керек. 

Тимур Саламатов, коомдук ишмер:

-- Бүгүн Кыргызстанда баары кымбат. Кайсы жагын албайлы: суу, көмүр, азык-түлүк, кийим-кече, жадагалса курулуш материалдардын баасы 100 пайызга өсүп кетти. Ошол эле учурда айлык акы, пенсия, жөлөк пулдар анчалык кошулган жок. Баанын өсүшү жеке эле Кыргызстанда эмес, дүйнө алкагында да ушундай чехарда. Европада газдын баасы асмандады. Ага кошумча күйүүчү майлар. Анткен менен Кыргызстанда Кудайга шүгүр, бизде көмүрүбүз бар. Эң негизгиси, бизде климат жакшы. Бизди Жараткан колдоп атат. Күнүбүз азыркыга чейин жылуу, от жакпай турсак болот. Чет өлкөнүн кээ бир жерлерин суу каптап, кар түшүп тоңуп, кургакчылыктын айынан жабыркап атышат. Эгемен алган 30 жылдын ичинде ар бир президент жана анын жакындары өлкөнү талап-тоногондон башканы билбептир. Завод-фабрика, өндүрүштү талкалашкан. Энергетика жаатында кичи ГЭСтерибиз бар эле, алардын ушу кезге чейин дайындары жок. Мындай учурда көп эле өкмөттү карай бербей, өзүбүз аржак-бержакты карап жашаш керек болуп калды. Электр энергиясын, сууну, газды үнөмдөп жашоого мезгил келди. Антпесе болбойт. Азыркы бийлик колдорунан келишинче баардык аракеттерди кылып атат. Коррупцияны, ууру-кескилерди кармап, камап, “колго чаап” дегендей. Болгону аягына чыгарыш керек. Мындан сырткары, президент өзү баш, калгандарыбыз төш болуп, мыйзамды катуу сактап, мыйзамдын кулу болуп жашаганды үйрөнөлү.   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер