Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төрөбай Колубаев: “Адахан Мадумаров башкалардан өзгөчө хан болгусу келет”

Төрөбай Колубаев: “Адахан Мадумаров башкалардан өзгөчө хан болгусу келет”

08-январь, 14:41
1 478 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Төрөбай мырза, элди эки анжы кылган митингдердин артында кимдер турушат? Шайлоого, референдумга аз убакыт калганда аны кимдер уюштурууда? 

-- Менимче, “референдум менен ханституцияга каршыбыз” деген митингдердин артында Россия менен Кытайга каршы иш кылган Америка жана Батыштын саясатын колдогон күчтөр турушат. Алар Кыргызстандагы кураторлору менен батышчыл көз караштагы саясатчыларды тымызын башкарышууда. Алардын көрсөтмөсү менен Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкуловага окшогон саясатчылар митинг, пикеттерди уюштурууга салым кошуп келишет. Таңгалычтуусу, аларды президенттикке талапкер болгон Каныбек Иманалиев менен Канат Исаев, Адахан Мадумаров да коштой баштады.  Чынында, минтип чыгышпай деле коюшпайт беле? “Кыргызстанды башкаруу өзгөрдү” деген кеп чыгып, 2010-жылдан бери Текебаевдин Конституциясынын пайдасынан зыяны көп болуп, бийлик бутактарынын жоопкерчилиги жоголуп, мамлекеттик жооптуу кызматтарга ар кайсы партиянын өз адамдары келишине жол ачылды. Жыйынтыгында бийлик бутактары жоопкерчиликтен четтеп, бири-бирине шылтаганды кыйын өздөштүрүштү. Миллиарддардын уурдалышына шарт түзүлдү. Ошондуктан бир адам баарына жооптуу болгон, жоопкерчиликти жогорулаткан Конституцияны кабыл алуу зарылчылыгы жаралды. Ага чычалабай деле коюшса болот эле. Менимче, булар Садыр Жапаровго ичкүйдүлүк кылып эле аянтка чыгышып, элдин көңүл борборунда болууга аракет кылып жатышат. Себеби, өздөрүнөн бирөө президент болуп калса, азыр жерип, ар нерсени айтып жаткан талапкерлер кош колдоп эле колдошмок.  

-- Жаңы Конституциянын кабыл алынышына жана референдумдун болушуна каршы чыккан талапкерлерден турган топ Садыр Жапаровду алсыратуу үчүн бириге баштадыбы?

-- Мен аларды биригип кетет (!) деген ойдон алысмын. Анткени, алардын ар биринин амбициясы аттын башындай. Ар кимиси өзүн президент сезет. Ошон үчүн бир талапкерге токтолуша алышпайт. Айрыкча Адахан Мадумаров башкалардан өзгөчө хан болгусу келет. Ал башкаларды алдап кетүүнү ойлоп жатат. Бирок, өзү алданып каларын сезе элек. 

-- Атаандаштары жеңилип баратканын моюндарына алгысы келбей, “Садыр Жапаровду чогулуп алып караласак, максатыбызга жетебиз” деген позицияда иш кылып жатышабы?

-- Садыр мага таарынбасын, атаандаштары каралай турган мүмкүнчүлүк да жаратып койду. Ал айрым учурда катачылыкка да жол берип жатат. Ошондой эле эл жериген “Мекеним Кыргызстан”, “Биримдик” партияларынын өкүлдөрү менен да кызматташууда. Анын катачылыктары атаандаштары менен батышчыл күчтөрдүн чырагына май тамызууга, бир ооздон жамандоого жана каралоого шарт түзүүдө. Баса, шайлоодон кийин Садыр Жапаров эл жек көргөн адамдардан арылып, тазаланбаса, тагдыры өтө оор болуп калат. “Элдин ишенимин актайм” десе, люстрация кылып, бийлик бутактарын жеп-ичкендерден тазалап, мамлекетти жаңы багытка салып, өнүктүрүүнү колго алышы керек.   

-- Эмне үчүн башка талапкерлерден айырмаланып, Абдил Сегизбаев Садыр Жапаровду дебатка чакырууда? Анын бир билгени барбы же көздөгөнү башкабы?

-- Абдил Сегизбаевдин акыркы аракеттеринин баары саясый упай топтоо үчүн жасалып жатат да. Туурабы? Ал атайылап Садыр Жапаровго асылып, аны дебатка чакырып, ыңгайы келсе тил табышып калууга жанталашып жатса керек. Анткени, “Абдил Сегизбаев камалсын, мурдагы мыйзамсыз иштери үчүн жооп берсин” дегендердин талабы эске алынып кетсечи? Мына ушундан кооптонууда. Ошондуктан, ал президенттик шайлоого бийликке илиниш үчүн эмес, өзүнүн кара башын сактап калыш үчүн аттанды. “Камалбайын” деп түрдүү маалыматтарды айтып, коомчулуктун көңүл борборунда болууга аракет кылууда. “Менде жетиштүү компромат бар” деп Садыр Жапаровго эле эмес, башка саясатчыларга да  коңгуроо кага баштады. Эгер Жапаров иш жүзүндө Абдилге теңелип, аны менен кармаша турган болсо, уялбай-этпей эле “саясый куугунтукка кабылдым” деп жар салат.


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер