Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дастан Бекешов: “Азыркыдай каттоо менен депутаттын жумушка келген-келбегенин аныктай албайбыз”

Дастан Бекешов: “Азыркыдай каттоо менен депутаттын жумушка келген-келбегенин аныктай албайбыз”

24-январь, 18:00
863 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Дастан Далабаевич, сиз “КР Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу” жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү, толуктоолорду, депутаттарды каттоодон өткөрүүнүн жана добуш берүүнүн жаңы ыкмаларын киргизүүнү сунуштап жаткан экенсиз. Ал кандай ыкма?

-- Азыр бизде каттоо жеңил. Каалаган депутат, же анын жардамчысы келип, кимдир-бирөө үчүн катталып койсо болот. Биз ошол практиканы жоёлу. Себеби, Конституцияда “ар бир депутат өзү добуш бериши керек” деп так жазылган. Ошондуктан, мен “каттоо биометрикалык негизде, манжаны коюу менен же депутаттын жүзүн көрсөтүү аркылуу жүргүзүлсүн” деп сунуштап жатам. Техникалык жагынан бу оңой эле.

-- Бирок, ал нерсе каражатты талап кылат да?

-- Туура, каражат талап кылынат. Бирок, мындай маселеде биз акчаны аябашыбыз керек. Себеби, кээде депутаттар аз болсо дагы добуш берилип, мыйзамдар кабыл алынып жатат. Ошонун айынан конституциялык мыйзамдар өтүп кеткен учурлар бар. Бул жакшы көрүнүш эмес. Депутат болуп шайландыбы, ар ким өз милдетин аткарышы керек да. Келип, кеңешмеге катышып, добушун берсин. Кабыл алынган мыйзамдар сизге, мага, жалпы жарандарга тийиштүү болуп атпайбы. Андыктан, бир аз каражат сарпталса эчтеке болбойт. Ошондо деле жүз миң, же миллион доллар кетпейт. Аз эле акча керектелет.

-- Балким, башка механизмин караш керектир? Мисалы, акчалай айып салып, депутаттык мандатынан ажыратып...

-- Он жолу отурумга келбесе, андай депутат мандатынан ажырашы керек. Бирок, азыркыдай каттоо менен депутат жумушка келген-келбегенин аныктай албайбыз. Себеби, компьютери каттоодон өттүбү, демек, ал жумушка келген, залда отурган болуп эсептелет. А эгер жанагындай механизм киргизилчү болсо, биз келген-келбегенин так билебиз.


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер