Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кайрат Итибаев: “Көтөрүлгөн доллар сомдун кунун түшүрүп, азык-түлүктүн баасына таасирин этүүдө”

Кайрат Итибаев: “Көтөрүлгөн доллар сомдун кунун түшүрүп, азык-түлүктүн баасына таасирин этүүдө”

14-март, 10:48
496 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мунайга болгон дүйнөлүк баанын кескин арзандап кеткенине байланыштуу эл аралык валюталык рынокто рубль доллар жана еврого карата кунун жоготту.  Москвада доллар 72 рубль 40 тыйынга, евро 82 рубль 20 тыйынга көтөрүлдү. Мындай жогорку көрсөткүч төрт жыл мурда катталган эле. Биздин акча алмаштыруучу жайларда 1 АКШ доллары 73 сомдон сатылууда. Бул боюнча эксперт Кайрат Итибаев менен маектештик.

-- Кайрат мырза,  доллардын көтөрүлүшүнүн себеби тууралуу пикириңди уксак?..

-- Доллар Орусиянын рублине байланыштуу көтөрүлүп жатат. Орус рубли төмөндөп кетти. Биз көбүнчө күйүүчү майларды ошол жактан алып келебиз. Орусиянын акчасы көбүнчө ошол экспортко – нефть, газга байланган. Биз   Евразиялык биримдикте экономикалык бир мейкиндиктебиз. Улуттук банк колунан келгенин жасап жатат. Кечээ рекорддук түрдө 49 млн. 700 миң доллар интервенция кылды. 75 сомдон 73кө түшүрдү. 

-- Мунун азык-түлүктүн баасына кандай таасири тийет?

-- Эгер сомдун куну түшсө, инфляция болуп, сөзсүз таасири тийет. Улуттук банк сомду түшүрбөөнүн аракетин көрүп жатат. Сомдун кунун кармап калууга болгон мүмкүнчүлүктөрүн жумшап жатышат. Анткени сомдун куну түшсө, бүгүнкү жүз сом менен эртеңки жүз сомдун ортосунда чоң айырма болуп калат. 

-- Коронавирус үчүн чектелген соода байланышынан кандай жабыркайбыз?   

-- Соода байланышы азайды. Бирок түз эмес, кыйыр таасири тийиши мүмкүн. Себеби, биздин экспорттук даражабыз анчалык бийик эмес. Болгону кээ бир тармактарды жабыркатып коюшу мүмкүн. Анткени Кытайдан арзан товарлар, жабдыктар келчү. Мунун кесепетин тартабыз.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер