Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түн бир оокумда жылаңач эркек чалып, жашоом тозокко айланды

Түн бир оокумда жылаңач эркек чалып, жашоом тозокко айланды

21-декабрь, 17:57
2 806 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушул телефон, интернеттин айынан азапка калдым десем жаңылбайм. Учурда үч уулум бар. Кудайга шүгүр, бирок, болбогон жерден балдарым да кайгы тартты. Мындан бир жыл мурун гив оюндарга катышкам. Эрежеде профиль ачык болуп, жеке сүрөт болуш керек экен. Мен аны аткаргам. Анан бир күнү түндө уктап жатсак эле видеочакыруу менен бирөө чалып жаткан экен. Күйөөм кошо карай калды. Алсам эле жылаңач эркек экен. Шок болдук. Ошондон бери күйөөм мага ишенбейт, бирөө менен жүрөсүң, ошол чалды дейт. Бир жылдан бери кулагымды жеп салды. Мен Кудайдын алдында акмын, бирок айтсам да түшүнбөйт. Көрсө, видеочалуу менен катталбаса деле чала берсе болот экен. Кимдин башынан ушундай окуя өттү эле? Кеңеш бергилечи? Сыгылып бүттүм. Күйөөмө актыгымды кантип далилдесем болот? 

Асел

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер