Жубайымды бир өөп албаганыма өкүнөм...


Башында баары жакшы болчу. Ал мени кучактайт, мен аны кучактайм. Ар дайым бетибизден сүйүп учурашып, сүйүп коштошот элек. Бирок, акыркы убакта муздай баштадык. Балалуу болгондон кийин баары өзгөрдү. Көнүп калдык. Көп урушуп, бири-бирибизди көргүбүз келбей...
-- Үйгө киргиң келбесе, жумушуңа эле калып калбайсыңбы?
-- Эмне деп жатасың?
-- Эмнени уксаң ошо! Ар дайым келгенден кийин машинаңда жарым сааттай отурасың. Эрте кирип балдарга каралашсаң болбойбу?
-- Баштабачы!
-- Баштайм!
Чарчадым! Дагы уруштук. Ооба, ал балдар менен үйдө. Ага кыйын. Түшүнөм. Бирок, бул сезимдеримди ачык айталбайм. Кучактап, “баары жакшы болот” деп койбой, басып кетем.
-- Мени бир кучактап, бетимден өөп койчу?
-- Кайдагыны баштабачы! Жаштык кез өткөн.
-- Кеп жаштыкта эмес, сенин жалкоолугуңда.
-- Эмне?
-- Аракет кылбайсың, - колумду шилтеп үйдөн чыгып кеттим. Жумушта отурсам суук кабар келди: Өзүңдү карма... Бала бакчага бараткан экен... Жолдон машина сүзүп...
Жаназа. Эч нерсе түшүнө элекмин. Бир өөп албаганыма өкүнөм...
Максат
"Азия Ньюс" гезити











