Бакиевдин жардамчысы Айбек Алыбаев кайрадан баш көтөрдү
Жалал-Абаддагы футбол академиясынын башчысы Айбек Алыбаев жолдуу экен. Эмесе, 2010-жылга чейинки убакка кайрылалы. Агезде президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Курманбек Темирбаевдин орун басары, энергетика, өнөр жай министринин орун басары, президенттик администрациянын да орун басары, Курманбек Бакиевдин жардамчысы сыяктуу бир катар кызматтарды аркалоого жетишкен. КР футбол федерациясына да президент болгон. Аткаруучу катары таасирдүү орду бар эле. Кандуу режимдин кайтпас жоокери сыңарындай сыпатталат. Жол тапкычтык жагынан кыйын экенин эскерип атпайбызбы, натыйжада, эртең деле Жалал-Абаддан борбор калаага таасирдүү кызматка келип калышы мүмкүн. Чоңдорго жагынуу, айта электе баарын түшүнгөн “мастер” болсо, эмнеге секирик жасабасын? Азыркы замандын кыйындары да, Бакиевдин кадрлары...
А баса, Аскар Акаевдин доорунда Айбек Алыбаев Свердлов РИИБде тергөөчү катары иштеп жүрүп, пара алууга айыпталып кеткенби? Кесиптештери жөн жерден эскеришпесе керек...